Бабанов эмнеге кетенчиктөөдө?

БШК 9-августундагы жыйынында президенттик кызматына талапкер Р.Ремнев менен
Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу токтом кабыл алды.
Президенттик кызматына талапкер Р.Ремневди каттоодон баш тартууга байланыштуу,
анын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Эшимбекованын жана каражат маселеси
боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү В.Фальконун ыйгарым укуктары токтотулду. Ошондой эле
Бабановдун 2017-жылдын 8-августунда ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу
тууралуу арызынын негизинде 171 өкүлдүн ыйгарым укуктары токтотулду. Бабанов
мынча көп өкүлдөрүнүн ишин токтотуп жатканына караганда ишеним артпай,
шектенүүсү күч алган окшойт. Болбосо, эл арасындагы айтылып жаткан Бабанов
шайлоого аягына чейин катышпай, Жээнбековду колдойт деген сөздөрдүн чындыгы
барбы?

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу