Бабанов эки элдин достугуна доо кетирдиби?

Кыргызстандын ММКлары жана интернет булактары бирок окуядан кийин дүн этип жарылды. Кыргызстандын президенттигине негизги талапкердин бири деп эсептелген Өмүрбек Бабанов шайлоодо үгүт өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан учурда коңшулаш Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Сыртынан карасаң бул анча деле чоң окуя эмес, бирок эмне үчүн Кыргызстандын Президенттигине негизги талапкердин бири бөлөк өлкөнүн Президентине жолугушууга барат? Албетте Нурсултан Абишиви саясатта өтө каныккан жетекчи. Ал Кыргыз баудастар, Өмукөнү Президенттикке шайлап алгыла дебейт. Бирок, коңшу улкөн мамлекеттин жетекчисиПрезиденттике талапкер менен жолугушуусу эмнени билдирет? Бул жерде өтө татаал суроолор жатат. Былтыркы шайлоону алалы, Дональд Трамп талапкер кезинде шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда, Россиянын же Кытайдын жетекчиси менен жолукту дейли. Анда АКШда эмне деген чуу чыгат эле? Балким  мыйзамдын тили менен алганда бул жерде андай деле күнөө жоктур, ал эми эгемен Кыргызстандын өз алдынча мамлекеттүүлүгүн алганда кандай болот?  Бул кадам акыркы күндөрү өтө катуу жүрүп жаткан Өмүкөнүн шайлоо пиарын сызып салбайбы дегендер да жок эмес. Албетте Казакстан бизге жакын дос өлкө, бирок биз өз тагдырыбызды өзүбүз гана чечебиз.

БУЛАК:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу