Бабанов финалдык оюн астында Астанада жашыруун жыйын өткөзгөнүн улакчылар айтып чыгышты

Казакстандын Астана шаарында өткөн Көкбөрү боюнча дүйнөлүк биринчиликти жалпы кыргыз эли өтө чоң кызыгуу жана «биздикилер баш байгени алат» деген терең ишеним менен калтырбай көрүштү. Чындыгында финалга чыкканга чейин биздин көкбөрүчүлөр өтө жогорку деңгээлде оюн көргөзүштү. Монголия, Түркия, Өзбекстан, Тажикстандын спортчуларын Кыргызстандын Көкбөрү боюнча курама командасы өтө жогорку айырмачылыктар менен аркада калтырышты. Мындан улам, финалда да эч кандай тоскоолдуксуз, чоң айырмачылык менен биринчиликти алат деген терең ишеним бар эле. Бирок, ал ишенимибиздин бырын-чырыны чыкты. Финалга чейин чоң чеберчилик менен ойноп аткан спортчуларыбыз эмнегедир Казакстандын командасы менен жүүнү бош ойноду. Натыйжада 4:1 эсебинде биздин командага утулду. Бул жеңилүү ызаасын жалпы кыргызстандыктар өтө оор кабыл алды. Эгерде биздин көкбөрүчүлөрдүн дарамети анчейин болуп, чындыгында эле жеңиле турган жагдайда болгондо эч ким мынчалык нааразы болбойт эле. Казакстандын көкбөрүчүлөрүнөн эки эсе күчтүүлүгүнө карабастан утулуп калгандары сырдуу табышмак болуп калган. Бүгүн болсо, «Көк Бөрүнүн» күйөрмандары финалдык беттешүү алдында Жогорку Кенештин депутаты Өмүрбек Бабанов Астана шаарына барып, өзнүнүн жердештери болгон Таластык улакчылар менен жолугушуу уюштуруп, ал жолугушууда Талас Бегалиев да болгонун Инстаграм баракчасына жазып чыгышты.

Эң кызыгы, бул жолугушууну Кыргызстанда сайт же ТВ каналдар көрсөткөн эмес жана Бабановдун өздүк баракчарында да эч кандай маалымат берилген эмес. Бабановдун Астанага финалдык беттешүүдөн бир күн мурда барып кеткенин эч ким билбей калган.

  Дагы бир кызык нерсеге көңүл бурсак, Фейсбук баракчасынын колдонуучусу финалдык оюнга эки күн калганда 25 август күнү эле оюн 4:1 эсебинде жыйынтыкталаарын жазып чыгып кайра өчүрүп салган.   Азыркы учурда көкбөрүчүлөр ачуулары келип, эмне үчүн 6 бала атайылап ойнобой койгондугун сырын билбей турушат. Булак: kabarlar.org

Аргумент.kg
Жооп калтыруу