Бабанов убактылуу «жан берди», ыңгайы келгенде кайра «тирилет»…

Качып жүргөн Өмүрбек Бабановго оор беренелер менен кылмыш иштери козголуп, абалы кыйла оорлошкон эле. Бирок, кайсы доор болбосун, анын суудан кургак чыга турган «өнөрүн» көпчүлүк эстерине алышпагандай… Жакында Бабанов мандатын тапшыра турганын жана саясаттан кетерин расмий жарыялады. Албетте, мындай кадамга аргасыздан бар­ды. Башка жол жок эле. Ал бийликтин реалдуу башкаруучусуна сырттан жалынып-жалбарып, жең ичинен маселесин чечкени каңкууланды. Айрым маалыматтар боюнча, «камаласыңже саясаттан биз койгон шарттар менен кетесиң» деген өктөм буйрукка көнүп, «иши кылса жаным аман болсо болду» дегендей эки колун көтөргөнү соңку кадамдарынан улам байкалды го? Шайлоодогу 600 миң элдин добушу садага чабылды! Каражандын камы үчүн саясаттан бизнес кылууга секирип кеткен Бабановду көпчүлүк эл түшүнбөй, нааразы болуп атканы да чындык. Ким билет? Кокус келечекте бийлик короосунда оош-кыйыш болуп, заман өзгөрүп кетсе, кайрадан Өмүрбек мырза саясаттын сап башына келип алышы мүмкүн. Ба­киев режиминде деле Бабановду коркутуп-үркүтүү ыкмалары менен алсыратышкан, анан кайра эле саясый аренада пайда болуп, 2010-жылы партия түзүп, ЖКдан коалиция курап, премьер-министрликке чейин жетип, андан «жыгылып», 2015-жылы парламентке баштагыдай эле команда топтоп келди, ошентип, президенттик шайлоодо да негизги атаандаш болгонго жарады. Эми болсо кумга сиңген суудай жоголду. Кыскасы, кыргыз саясаты башынан опурталдуу, күтүүсүз өзгөрүүлөр менен келатат эмеспи. Андыктан, күндөрдүн бир күнүндө Бабанов кайрадан баш көтөрүп, элибиздин алдында актанып, башка түс менен мамлекет башчысы болууга кадам таштайт. Акчасын чачса эле эл ээрчий берет. Ишенип койгула…

Булак:  Азия Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу