Бабанов-Төрөбаев аргасыз биригүүбү?

Мына шайлоо старты башталды, убакыт космостук ылдамдык менен эле өтүп атат. Эртең эле 15-октябрь шайлоо күнү кирип келет.  Бүгүнкү күнү коомчулукта, саясий билермандарда кимдин ташы өйдө кулаганын божомолдоп баамдап жатышат.  Көпчүлүк Сооронбай Жээнбековдун салмагы артып баратканын ачык эле каңкуулашууда. Мындай кезде негизги атаандашы Бабанов эмне кылат? Сыртынан зымпыйып билдирбегени менен, ичи уйгу-туйгу болуп атканы байкалууда. Өмүрбек мырзанын түштүктүн жаш тың чыкмасы Эргеш акенин уулу Бакыт Төрөбаев менен биригүүгө умтулуп жатканы эмнени билдирет? Же кыйыр болсо дагы атаандашынан алсызыраак сезгениби? Төртө менен биригип акырында чыгып кеткен Бакыт мырза дагы кандай, футболдун тили менен айтканда “финт” жасап жибериши мумкүн? Же орто жолдо чоң акчанын алыш-бериш маселеси барбы?  Айтор президенттик амбициясы абдан күчтүү болгон

БУЛАК: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу