Бабанов Ташиевди сатып алабы?

Кечээ, 1-июлда «Республика-Ата-Журт» партиясы курултайын өткөрүп, анда Бабановду президенттикке талапкер катары бекитишти. Эң кызыгы убагында Бабанов-Ташиев экөө тандемге келип, эки  чоң партияны бириктирип «Республика-Ата-Журт» альянсын түзгөн. Бирок бүгүнкү күндө бул эки партия эки ажырым жолго түшкөнүн баары билет. Ошого карабастан кечээ Бабанов, Ташиев менен кеңешпей туруп «Республика-Ата-Журт» партиясынын курултайы деп жар салды. Ташиевдин бул курултайга келбегени аны менен кеңешпегенинин далили деп баамдасак болот. Ал эми кечээ курултай бүткөн соң «Ата-Журт» партиясы Бабановдун биздин партиянын атын колдонгону мыйзамсыз деп расмий билдирүү таратты. Жакынкы күндөрү Ташиев атайын пресс-конференция берип Бабановдун абийирин төккөнү жатыптыр. Ал ортодо бизге жеткен маалыматтарга таянсак Бабанов Камчыкеге киши салып Камчыке менен байланышуу процессин баштаптыр. Ташиев жолугушууга макул болбогон соң Камчыкенин жубайына чейин жалынып барышыптыр, жолугушууга макулдугун алып бер деген таризде. Амалдуу Бабанов Ташиевди сатып алуу аракетин көрүшү толук мүмкүн. Ай бирок патриот Камчыке өзүн арзыбаган акчага баалабаса керек. Канткен менен ак жүрөк, мекенчил инсан эмеспи. Эгер сатылып кетсе анда «саясий банкротко» учурады дей бергиле.

Дагы бир кызык жагдай «Республика-Ата-Журттун» кечээги курултайында делегаттарга атайын дярдалган темада сүйлөө тапшырмасы берилиптир. Тобоо дейт экенсиң, ар бир жаран же делегат өз оюн ачык айталбаса бул кандай? Эмитен өзүнө ылайыктуу, өзүн пиарлоо жаатында темаларды сүйлөтүп жатса, кийин элдин баарын ооздуктап койбойбу? Илгери шайлоонун алдында талапкерлерин бала-чакасын айттырып каргантса, бул жолу даяр темада сүйлөөгө мажбурласа аягы жакшы болоору күмөн.

Атайын берилген тапшырмалар.

Булак:Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу