Бабанов: Таласка барбайм, эмкиде Бишкектен, Асанбайдан коём!

2005 — жылы кыргыз саясатында Өмүрбек Бабанов деген жаңы ысым пайда болду. Бабановдун алгачкы саясатка кадамы туулган жери болгон  Талас облусунун Кара-Буура районунан башалган. 2005 — жылы болгон парламенттик шайлоого ат салышууга бел байлаган Бабанов, туулган жеринен колдоо таап шайлоого барат. Ал мезгилде бир мандаттуу парламент эле. Ошентип бир айлык үгүт иштери учурунда Өмүке «Айттым Аткарам» деген лозунг менен шайлоочулар менен жолугуп, эл үчүн пайдалуу болгон бир топ убадаларды берет. Бул боюнча анын жанында жүргөн адамы, облустагы абройлуу инсан мындайча эскерет;

«-Шайлоо учурунда шайлоочуларга бир топ убадаларды берди, эл бизди жакшы кабыл алды. Анын үстүнө Өмүрбек жаңы жүз болгондуктан аны тааныбаса да мени таанышып, баланча да ушуну колдойт экен, жанында жакшы адам жүрүптүр, сөзүнө турса керек деп эл бизди колдоп өтүп кеттик. Эң кызыгы шайлоо бүткөндөн кийин башталды. Баягы айткан убадаларынын бири жок. Эл мени келип тыта баштады. Анан мен Өмүрбекке чыгып, эл келип жатат, мени тытып жатат, сиздерди сыйлап колдодук эле, берген убадаңарды аткарбайсыңарбы деп жемелеп жатат десем, Өмүрбек мындай дейт; «Байке элди эптеп узатып коюңуз, мен эмки шайлоодо Таласка барбайм, Бишкектин Асанбай кичи районунан койом» десе болобу. Мен ошондо түшүндүм, ал элге убада берип жатканда эле эптеп элди алдап өтүп алса, кайра кайрылып келбээрин эбак эле чечип койгон экенин. Мен ошондо бул жигиттин ким экенин билдим.» дейт.

Мындайча айтканда Бабанов «Таласты желкемдин чукуру көрсүн» дегендей эле айткан экен даа… Ошентип Өмүрбек мырза «Кеттим келбейм» деп куйругун түйүп кете бериптир.

Негизи Бабановду «кидайт» эткен жагыган алдыга киши салдырбас чебер экени эл арасында байма-бай айтылып келет. Өзүнүн туулган жерине, кичинекей бир районго берген убадасын аткарбаган Бабанов жалпы өлкөгө берген убадасын аткарабы? Алдыда тагдыр чече турган президенттик шайлоо жакындап келе жатат, бул шайлоодо шылуундардын алтын сөздөрүнө арбалбай, татыктуу инсанды колдоп алалы…

Калыс Чындыков

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу