Бабанов президент болбой жатып ишенимдүү адамы аркылуу журналисттерди кысымга алууда

Фейсбук колдонуучусу Кубатбек Жалиловдун «Президенттик шайлоо-2017″ группасындагы» Бабанов тил комиссиясын канчага сатып алды?»-деген макаласын 31-июль күнү сайтыбызга эч өзгөртүүсүз жарыялаган элек. Колдонуучулар тарабынан ар-кандай ой-пикирлерди жараткан бул макала Өмүрбек Бабановго көптөн кийин жеткен көрүнөт… Дегенибиз, бүгүн Бабановдун тарапташы Эрик Ирискулбеков дал ушул макаланы жарыяланыбыз үчүн БШКга биздин жана башка сайттардын үстүнөн арызданган экен. Анда журналисттердин ишмердүүлүгүн карап жана макаланы сайттан өчүрүү маселесин карап берүү өтүнүчү көрсөтүлүптүр.

Өмүрбек Бабанов президент болбой жатып журналисттерди жана алардын ишмердүүлүгүн минтип кысымга алып жатса, ажо болуп кала турган болсо барын соттоп жок кылат окшобойбу? «Аа»,- деп ооз ачууга да болбой калат көрүнөт…

Чындап эле, Бабановдун штабы журналисттердин үстүнөн арыздануу боюнча азырынча алдыда келе жатат.

Булак: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу