Бабанов Мырзакматов менен Жаныш Бакиевге жолугуп, эмнелерди сүйлөшкөн?

Ажо жарышта жеңилүү ызасын тартаары менен түйүнчөгүн түйүнгөн бойдон сыртка чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов алгач денсоолугун чыңдап жүргөнүн билдирген эле. Кийинчерээк парламенттеги «Республика – Ата журт» фракциясынын лидерлигинен кеткенин жар салды. Жаңы жылдын астында жасаган кайрылуусунда депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан биротоло кеткенин, мындан ары ишкерчилик менен гана алектенерин жарыялашы ага ишеним арткан тарапташтарынын демин сууткан план болду, (саясатты желкемдим чункуру көрсүн» дегени кагаз жүзүндөгү гана сот экени, а чындыгында саясаттагы таасирин сактап калуу үчүн түрдүү айла амалдарды ойлоп атканы тар чөйрөдө айтыла баштады. Андагы күбүр-шыбырларга караганда, Бабанов ушу тапта канкор Курманбек Бакиевдин ашынган канкор үкасы Жаныш Бакиев менен «түшпөс хандан» «түшкөн ханга» айланып, чет өлкөлөрдү кыдырганына курстан болуп жүргөн Мелисбек Мырзакматовго жолугуп, саясатта бирге болуу планын талкуулаганы чынбы? Алардын колдоосу астында бөлөк саясый күчтөрдү бириктирип, тышта жүрсө да көздөй кишилерин саясаттын казанында кайнатып, Кыргызстандагы саясый, бизнес кызыкчылыктарын колдоого алууну көздөгөнү айтпасак деле түшүнүктүү эмеспи. Бирок, канкор Бакиевдерди элибиз эгерим кечирбеши талашсыз. Ал эми 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Мырзакматовдун колдоосун алган саясатчылардын «көзүрү» темир тор артында көзүн жалдыратып отуру. Ошондо Өмүрбек Токтогуловичтин береги экөөнө таянгандагы тагдырынын келечегин элестете бергиле…

Нургазы Айтмырзаев

Булак: Де-Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу