Бабанов менен Төрөбаевге депутаттары каршы чыгууда

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын айрым депутаттары Бакыт Төрөбаевге нааразы экендиктерин билдиришип, фракциянын кезексиз жыйынында анын “отставкасын” талап кылаарын айтышууда.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев ушундай маселе бар экендигин айтты. Бирок кимдер нааразы экенин айткан жок.

Ал эми Тынчтык Шайназаров кээ бир депутаттар лидерге нааразы болсо, алардын маселеси. Бирок көпчүлүк фракция мүчөлөрү Бакыт Төрөбаевди колдойт деди.

“Республика-Ата-Журт” фракциясында дагы абал тынч эмес. Көптөгөн депутаттар Өмүрбек Бабановго нааразы. Жаңы эле мандатка ээ болгон депутат Зарылбек Рысалиев фракциянын кезексиз жыйынын чакыруу жана лидерге ишеним көрсөтпөө маселесин коюу демилгесин көтөрүп жатыптыр.

Булак: jalbyrak.tv

Аргумент.kg
Жооп калтыруу