Бабанов-Мадумаров?

Биригүү тандемдешүү уланып жаткандай. Бакыт Төрөбаевден кийин Адахан Мадумаровдун Өмүрбек Бабановго кошулганы жарыяланды. Бул анча деле чоң окуя эмес, бирок бир далай суроолорду жаратып жатат. Коомдук пикир эки анжы ойдо турат, эмнеге Бабанов түштүктүн тыңчыкмаларын бооруна тарткысы келүүдө же ошол аймактан жеңип чыгаарынан күмөн санап жатабы? Айрымдары болсо бир топ мурда парламенттик шайлоону да эске салууда. Аябай күтүрөтүп бириккен Мадумаров-Салымбеков тандеминен эмне натыйжа чыкты эле? Айтор ушунун баарын айтып, эмне Бабановдун айласы куруп жатабы дегендер дагы жок эмес. Кыскасы шайлоо интиригасы кундөн-күнгө күчөп бараткандай. Биринен сала бири болуп жаткан кошулуулар Бабановго оң натыйжа алып келеби же жокпу?

БУЛАК: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу