Бабанов. Келет- келбейт. Камалат-камалбайт.

Шайлоо бүткөндөн кийин маалымат майданы кадимкидей ээнсирей түшкөн. Чын эле же сенсация жок, же шайлоо учурундагыдай айыгышкан кармаш  жок. Мына акыры кичине болсо да бомба жарылгансыды окшойт. Күч колдонуу органдары калк аралык каршылаштыкты тутандыргандыгы үчүн мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин козгоп жиберди. Коомчулук кулак түрө калды. Камайбы, камабайбы? Качабы, качпайбы? Анан эле Өмүрбек Бабанов өлкө ичинде жок болуп чыкты. Шайлоо учурунда кетирген ден-соолугун оңдоп чет өлкөдө экен. Андан кийин, бул тема дагы  өркүндөбөй калды. Күч түзүмдөрү да кылмыш кылды деген адамга издөө салышкан  жок. Бабанов тараптагылар болсо: «Ал качкан-эткен жок. Даарыланып жатат. Келет»- деп жиберишти. Бабанов өзү да: «Бул ойдон чыгарылган кылмыш иши»- деп билдирүү таратты. Андан бери кайрадан дым жок.

Болжолу жок эле дегенде жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун кызматына киришүү аземи өткүчө Бабанов Мекенибизге кайра келбейт окшойт.

Эми окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн. Бабанов «чындап эле камап салат» деп коркуп чет өлкөдө калып калабы? же тобокелдикке салып кайтып келеби? Келген күндө ал абакка отургузулабы? Андай болгон күндө өлкөдө кайрадан башаламандык башталып кетпейби? Айтоор суроолор көп. Жоопту декабрь айынын баш жагында алат окшойбуз.

Баса, шайлоо өнөктүгү учурундагы популярдуу болуп кеткен теле дебатта бир талапкер экинчисине: «Шайланып калсам сени каматкандан баштайм.»- дебеди беле…

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу