Бабанов камалуу же фракциясынан ажыроо коркунучунда…

Башкы прокуратура «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго кылмыш ишинкозгоду. Бабанов «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо» беренелери боюнча айыпталууда. Тагыраагы, президенттик шайлоонун алдында Оштун Он-Адыр аймагында шайлоочулар менен жолугушууда сүйлөгөн сөзү жогорудагыдай кылмыш ишинин козголуусуна негиз болуп берди. Ал жолугушуудагы сөзүнөн кесилип алынган видео үзүндү интернеттеги соцтармактар, телефондук байланыштар аркылуу коомчулукка тарап, эки тараптуу пикирлерди жараткан эле. Бабанов анда «тизелеп жашагыча, тике туруп өлгөн жакшы» деген кыргыздын накыл кебин колдонгон. Бул сөздөр өзбек улутундагы жарандарды кыргыздарга каршы тукуруу катары кабылданып, коомчулукта кескин сындарды жараткан. Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы интернетке Бабановдун сөзү атайы кескиленип алынып таратылып жатканын, ушундай жол менен аталган видеону таратып жаткандар өздөрү улуттар арасында кастыкты козутуп жатышканын айтуу менен аларды таап, тийиштүү чара көрүүнү суранып укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок ал кайрылууга укук коргоо органдары тарабынан жооп болгон эмес эле. Бабановго каршы козголгон кылмыш иши боюнча УКМК тергөө жүргүзмөкчү.

Жогорку Кеңеште расмий оппозицияда болгонуна карабай Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого чейин бийлик менен ачык сын, тирешке барбай абайлап келип, шайлоо күнү өзүнүн бийлик даярдаган оппозиционер экендигин айтты. Ал Алмазбек Атамбаевдин “батасын” алып оппозициянын атынан президенттик шайлоого аттанганын билдирген. Президент Алмазбек Атамбаев да Бабановго жеке колдоо көрсөтүп келгенин, атүгүл Бишкектеги ири соода борборун курууга Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан 17 миллион доллар кредит алуусу үчүн жардам бергенин жар салды. Коңшу мамлекеттин жетекчилиги оюнга аралашпаганда бийлик жана оппозициячы мамилеси, балким, бүгүн да улана бермек. Бирок Бабановдун кошуна мамлекеттин жетекчилигинин колдоосун шайлоодо пайдаланып, башка өлкөнүн өкүлдөрүн ички маанилүү ишке аралаштыруусу анын «тагдырын чечип» койду.

Ошентип шайлоо өтөрү менен Бабановду кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракетине старт берилди. Кылмыш иши козголгон беренелер өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет. Андыктан Бабановду жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеӊештен уруксат суралбайт. Бабановөзүнө ачылган кылмыш ишин «жасалма» деп атап, саясий куугунтук башталганын айтып, бийликти эски катаны кайталабоого, өлкөдө кайрадан автократияны орнотпоого чакырды.

«Республиканын» лидери да Текебаев, Жапаров өӊдүү саясаттын оюн талаасынан сүрүлүп чыгарылабы? Коомчулукка абдан түшүнүктүү болуп калган окуялардын өнүгүүсү жыйынтык ошондой болорунан кабар берет. Бабанов чет өлкөдөн убактылуу келбей койсо сценарий өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бирок мындай жол да “Республиканын” лидерин жарга такайт. Чет жактан кайтып келип, башкарууну колго албаса Бабановдун Жогорку Кеңештеги фракциясында башталган “бунт” күчөп отуруп, ыдырап кетиши, ал фракция лидерлигинен түшүп калуусу толук мүмкүн. Анын үстүнө Бабановдун элге кайра-кайра «мен качпайм» деп берген убадасы бар. Айтор, жумшак айтканда азыр Бабанов жомок, тамсилдердегидей оңго барса аты, солго барса өзү … деген абалда…

Булак:Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу