Бабанов Жээнбековго: Ниеттерибиздин окшош экендигине ишенем

Парламенттеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековдун президенттик ишине киришиши менен куттуктады. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынан кабарлашты.

Бабанов бийлик өз ыктыяры менен алмашып, өлкөдө туруктуулук сакталганын айтып муну чоң жетишкендик катары баалаган. Депутаттын куттуктоосунда андан сырткары төмөнкүлөр камтылган:

«Аны менен бирге, өзүмдүн атымдан элибиздин үмүт-тилектерин айткым келет. Сооронбай Шарипович, бүгүн сиз чоң миссияны колуңузга алдыңыз – Алмазбек Шаршенович Атамбаев түптөгөн тынчтык менен туруктуулук жолун улантуу. Элибизди өнүгүү жолуна багыттоо, өлкөбүздөгү демократиялык жана укуктук башаттарды күчтөнтүү эми сиздин колуңузда. Кыргызстаныбыз менен элибиздин биримдиги жана бүтүндүгү – эң бийик баалуулук, андыктан ниеттерибиздин окшош экендигине ишенем жана сизди президенттик кызматка расмий киришүүңүз менен куттуктайм!», — деген Бабанов таза, акыйкаттуу, жарандардын эрки менен тандоосун алга сүрөгөн башкаруучу элдин колдоосуна сөзсүз ээ болоорун билдирген.

Өмүрбек Бабанов 13-ноябрда өзү жазган арызы менен «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидерлигинен кеткен. Мындай чечим 22 депутаттын колдоосу менен фракциянын жыйынында кабыл алынган.

Эске салсак Башкы прокуратура Бабановго жана бир катар адамдарга 4-ноябрь күнү Кылмыш Жаза Кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо), 299-беренесинин 1-бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Иштин козголушуна Өмүрбек Бабанов ушул жылдын 28-сентябрында шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө Ош шаарындагы мурдагы «Он-Адыр» азыркы «Амир Тимур» кичи районунун жашоочулары менен жолукканда сүйлөгөн сөзү негиз болгон.

Депутаттын фракциялаштары Бабанов сыртта экенин тастыкташып, анын качан келээри тууралуу маалыматтары жок экенин, бирок сөзсүз өлкөгө кайтып келээрин билдирген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу