БАБАНОВ ДЕҢГЭЭЛИН 5 КГ УНГА БААЛАДЫБЫ?

Айтылуу демократ саясатчы Топчубек Тургуналиев “Фабула” гезитинин бүгүнкү жарык көргөн санына маек берип жатып, президенттик шайлоого карата үгүт иштери эртелеп башталганын, мыйзамды эч кимиси көзгө илбей калганын айтып кейигенин билдириптир. Анда эң эле өкүнүчтүүсү, жаманы айрым талапкерлердин дэңгээли 5 килограммдык унга чейин түшүп кеткени да айтылат.

Учурда Тургуналиевдин бул маалыматы социалдык тармактарда талкууга түшүп, үймө-үй кыдырып ун тараткандар Өмүрбек Бабановдун адамдары экени айтылууда.

Кеээ, 21-июнь күнү таң эрте, саат 7 менен 8дин ортосунда эшиктин коңгуроосу катуу басылды. Таң атпай ким болду экен деп байбичем эшикти ачса узун бойлуу бир жигит, өзүн Адилет деп тааныштырды окшойт, дагы бир орус келин, какылдап сүйлөйт экен, Галинамын деди. Анан дагы бир орусу бар экен, үчөө келиптир. Колдорунда кармаган 5 килограммдык уну бар экен.

Анысын байбичеме сунуп, “Муну сиздерге президент болом деп жаткан бир саясатчынын атын айтып, мен анын атын атабай эле коеюн, ошол “ооз ачып койсун деп берип жиберди” – деди. Колунда ар кимдин фамилияларын тизмелеп жазган кагазы да бар. Мен такып сурадым, чын эле ошол жибердиби десем, ооба дешти. Анда ошого айтып койгула, бөл зү арамдык дедим. Элди минтип сатып алам деп ойлобосун, ал мени өмүрүндө эстеген эмес. Бир топ жылдан бери орозо кармап келе жатам. Буга чейин ал ушинтип ооз ачып коюңуз деп бир нерсе берип жибериптирби?..

Жок, эч нерсе берген эмес. Берсе да алмак эмесмин. Азыр да албайм. Эмнеге быйыл мени минтип эстеп калды. Шайлоо алдында мен ага керекмин го, менин, байбичем экөөбүздүн добушубуз ага керек болуп жаткан го деп туруп, унун албай эшикти жаап алдым, – деп маек берген аталган басылмага Топчубек Тургуналиев.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу