Бабанов бийлик менен кантип сүйлөштү?

 

 

Жакында эле Бабановдун партиясы менен парламентке өткөн депутаттар катуу аракеттерди баштап жиберишти. Анысын жаап-жашырышкан деле жок. Алар: “Биз Бабановдун мекенине кайтып келүүсү үчүн бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”-дешти. Бирок кайсы бийлик экендигин ачыкка чыгарышкан жок.

Өздөрүнөн чыккан маалыматтарга караганда, ошол эле депутаттар атайын Москвага учуп барып, Бабанов менен жолугушуп келишкен. Бул жерде да эмне жөнүндө сүйлөшкөндүктөрү тууралуу кеп жок.

Ошол таасирдүү депутаттардын аркетинен эмне чыгышы мүмкүн? Эгерде бул сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап Бабанов мекенине кайтып келсе, укук коргоо органдары кандай акыбалда калат? Мыйзам боюнча козголгон иш тургандан кийин алар аны камакка алуу милдеттүү.

УКМКнын өкүлү эгер Бабанов келсе “Сөзсүз камалат”- деп ачык айтпадыбы. Анын үстүнө шайлоо учурундагы иштеринен сырткары дагы эки кылмыш иши козголгонун маалымат булактары жазып чыгышкан.

 

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу