Бабанов бетпактык кылды.

Бабановдун Кыргызстандан качып кеткенине жарым жылдан жүзү болуп баратат. Ага чыгып кетери менен эле улут аралык мамилени козутуу боюнча Ошто сүйлөгөн сөзү, бузукулук чакырыгы үчүн кылмыш иши козголгон болчу.

Бабанов качып кеткенде, башка атка минерлер сыяктуу эле : «ок тийди, ооруп жатам» деген шылтоону айткан. Бирок анын бул жомогуна эч ким ишенген эмес. Оорубай эле Орусияга баргандан көп өтпөй Чехиянын дүйнөгө аты чыккан эң атактуу Карловы Вары курорт шаарында өзүндөй болуп шайлоодон кийин куйругун түйүп Кыргызстаңдан чыга качкан Фархад Иминов менен эс алып жүргөнү боюнча маалыматтар чыккан.

Бабановго жакында эле Канат Исаевдин айыпталган (шайлоодон кийин мамлекеттик бийликти басып алуу) боюнча да кылмыш иши козголгон. Бабанов ал кылмыш иши боюнча өз пикирин өтө күлкүмүштүү, өтө жийиркеничтүү кылып пикир айткан, маңыздап айтканда: «Канат Исаевди тааныбайм» дегендей эле кеп айтып, бетпактык кылды.

Айла жок экен. Андан көрө: «Исаевге ишенип акча бергем, акыры ит эле болдум» — десе чындыкты айткан болмок. Кыскасы, мына ушул эки чоң кылмыштуу иш боюнча Бабановго Кылмыш жаза кодексинин бир эмес, бир нече беренелери менен кылмыш иши козголду.

Бирок УКМК, ИИМ аны эмнеге издөөгө албайт? Эмне үчүн Интерполго бербейт? Орустардын ФСБ, МВДсынан жардам сурап, кармап келип, каматса болмок, Ушунча беренелер менен кылмыш козгоп коюп, «кылмышкерди» издөөгө албаган бийлик, анын камчысын чапкан УКМК өздөрү мыйзамды бузуп жаткан жокпу? Же жогорку даражалуу адамдардан «добро» болбой жатабы? Же Бабанов өзүн кылмыш жазасынан сактап калуу үчүн кызыктуу, пайдалуу сунуштарды айтып жатабы? Эми Бабановде намыс деле жок, ал чөөлөрдүн жолу менен жүргөндү жакшы көрөт эмеспи.

Булак: Багыт

Аргумент.kg
Жооп калтыруу