Бабанов АКБ “Кыргызстан” банкын жана 5 млн. долларлык нефтебазаны рейдерчилик менен тартып алган

Бабановдон сак бол!!!

Бабановго эмне үчүн добуш бербеш керек?

1. Казакстан менен Кыргызстандын жарандыгына ээ. Мыйзам боюнча буга тыйуу салынган.

2. Жеткен кызыл кулак. Мамлекет кызыкчылыгынан мурда өз кызыкчылыгын ар дайым жогору коёт.

3. Ишенимсиз жолдош. Ким менен коюн-колтук алышып жүрүп иши оңолуп бийликке жетсе, дароо баарын сатып кеткен. Маселен, Шаршенбек Абдыкеримов (Шаке), Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов жана чоң саясый таасирге ээ “Атажурт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди кантип талаага таштап кеткени баарыга белгилүү. Бул саясатчылардын баары Бабановдун бал тилине алданып калгандар.

4. Элге 7% агрокерид берем деген кабат-кабат убадалары ушуга дейин аткарылбаган бойдон келет.

5. Төмөнкү проценттеги элге бериле турган кредиттерди өз банктарында айландырып, элге аны эң жогорку процентте таратып келет. Льготага бөлүнгөн 17 миллион доллар бул акча негизинен Кыргызстан-Россияны өнүктүрүү фонду тарабынан айыл чарба жана өндүрүштүү колдоого бөлүнгөн акча. Бирок Бабанов Кыргызстандын стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн бул акчаны өзүнүн жубайы иштеткен супермаркеттерди өнүктүрүүгө колдонуп келет.

6. Чечен улутундагы олигарх досторуна эң кымбат улуттук баалуулукка ээ “Жерүй” алтын кенин болор болсо акчага сатып жибергени белгилүү. Келечекте да улуттук байлыктарды ит бекер сатып жибереринен күмөн саноого болбойт.

7. Буга чейин ал жалаң мамлекеттик кызматтарда иштеп келди. Ошол эле учурда мамлекеттик кызматкер жөнүндө мыйзамды бузуп, премьер-министр кезинде “Манас” аэропортун авиакеросин менен камсыздагандыгы үчүн мыйзамсыз негизде жыл сайын 100 миллион доллар киреше таап турган. Жалаң өзүнүн контрабандалык каттамдагы бензин ташыган авто-унаалары өлкөнүн түндүк-түштүк кан жолдорун бүгүнкү талкаланган абалга жеткирди. А кредитке курулуп жаткан жолдор – эртең элдин мойнуна илинээр карыз! Бабанов болсо 15 жылдан бери экономикабыздын күрөө тамыры болуп эсептелгенжолдорду талкалатып тына элек.

8. Кыргызстанда күйүүчү май (ГСМ) сатып тапкан кирешесин Бабанов сыртка чыгарып, Пензеде (Россия) 300 миллион долларга өзүнүн цемент заводун курдурду. Тактап айтканда, өз өлкөсүнөн тапкан кирешесин башка өлкөнүн экономикасынын пайдасы үчүн сыртта иштетүүдө.

9. Кыргызстанда болсо бир да завод, бир да өндүрүштүк ишкана куруп, элди иш менен камсыздоо аракетин кылган эмес.

10. Ал бүгүн өлкөнүн эң алдыңкы бай адам экенине карабастан бир да мектеп, бир да бала бакчага өз чөнтөгүнөн акча чыгарган фактылар табылбайт.

11. Элге тил эмизе келгенде алдына киши салбайт, а аткарганга келгенде жок.

12. “АКБ Кыргызстан” банкын Ш.Садыбакасовадан рейдерчилик менен тартып алганы дайын (М.Бакиевдин көмөгү менен).

13. Сокулук районундагы наркы 5 миллион АКШ долларын чапчыган ВОССТ нефтебазанын кожоюну Хон В аттуу жаранды Бабановдун жалданма бандиттери уруп-согуп, рейдерчилик менен аталган жарандын менчик мүлкүн тартып алышканы маалымат каражаттары аркылуу белгилүү.

14. Военно-Антоновкадагы Э.Сурабалдиевдин авторыногун рейдерчилик жол менен басып алган

Кудрет Тайчабаров, эркин журналист

Аргумент.kg
Жооп калтыруу