Бабановчулар Атамбаевге каяша айтышты

талган партиянын мүчөсү Канат Мидин уулу Атамбаевдин айтканына пикирин мындайча билдирди:

«Кыргызстанга Кант авиабазасы аркылуу кайтып келгениңизден кийин «Өмүрбек Токтогулович президенттикке талапкер катары ыраазычылык сурап, коңшу мамлекетке барган. Балким бир гана ыраачылык сураган эмес чыгаар. Мен муну тууракөрбөйм», — дедиңиз.

Биз сизге тийишпейбиз, тийишүүнү деңгээлибизден ылдый турат деп эсептейбиз, а сиз Өмүрбек Токтогулович Бабановду жаманатты кылуудан чарчабайсыз.

Ошондуктан, мен сизге кайрылууну чечтим.

Сөзүңүзгө караганда, сиз өзүңүздү Жаратуучу катары эсептейт окшойсуз, бир гана сиз башкаларды жамандап, каралап, сөгүпсагасыз. Сиздин бул мүнөзүңүз президенттиктен кеткениңизден кийин өзгөрөт го деп ойлогонбуз, бирок жаңылган экенбиз. Сиз Өмүрбек Бабанов шайлоо алдында Нурсултан Назарбаевге жолукканын бир гана ыраачылык алуу үчүн эмес, акча маселесине да байланыштырыптырсыз.

Кыязы, сиз баарын өзүңүздөй ойлойт окшойсуз. Бирок, сизди капа кылып коеюн, элдин баары сиз эмес», — деп жооп берди Канат Мидин уулу.

БУЛАК: Факты. кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу