Бабановчо бизнес кылалы…

Бишкекте соода түйүндөрүнөн көп нерсе жок. Эми мурдагы «Инструментальщик» стадионунун ордуна дагы бир килтейген соода түйүнү ачылганы турат.

Анысына мейли дейт элек.

Бирок кызыгы: бул кыргызда жок чоң соода түйүн «Азия моллдун» итбекер кредитке салынып жатканында. Жалпы Кыргызстандын ишкерлерине насыя берип, кыргыз экономикасын ЕАЭБ шарттарына ылайыктоону көздөгөн Кыргыз-Орус фондунан 4% менен 17 млн. доллар кредит алынганында.

Анысына мейли дейт элек.

Бирок, «Азия моллдун» ээсинин Шарипа Садыбакасовадан тартылып алынган «Кыргызстан» деген өз банкынын барында. Өз банкынан кымбат кредит алып, өзүнүн өзү пайда келтирсе болбойбу десеңиз.

Анысына мейли дейт элек.

Кеп «Азия моллдун» Президенттикке талапкер Бабановго таандык болуп жатканында. Болгондо да Президент болуп калсам, Кыргызстанды 6 жылда өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кошом деген Бабановго таандык.

Жалпы элге тиешелүү фонддон итбекер насыя алып, Бишкектеги өкмөттүк трассанын боюна килтейген соода түйүн куруп жаткан саясатчы, соодагер. Президенттикке талапкерге ишеним артууга болобу? Бу киши өлкөнү өнүктүрөр- өнүктүрбөсүн билбейбиз, бирок өз бизнесин укмуш өнүктүрөрүнө шексиз ишене бериңиз.

Тилек Абдраимов

Булак: nazarnews.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу