Бабановко каршы оор берене менен, кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура бийликчил талапкердин негизги атаандашы, «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата кылмыш жаза кодексинин 297 беренесинин 1 бөлүмүнө (укуктук түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) жана 299 берене 1 бөлүмдөрүнө (улуттук, расалык же диний жек көрүүчүлүкө чакыруу) таянып кылмыш ишин козгоду.

Прокуратура тараткан маалыматка караганда 2017-жылдын 28-сентябрында президенттике талапкер Өмүрбек Бабанов Ош шаарындагы өзбек улутундагылар басымдуулук кылган “Амир-Тимур” кичирайонундагы эл менен жолугушуу учурунда добуш алуу максатында өзбек калкына, өзбек улутунун кызыкчылыктары корголбой жаткандыгы тууралуу билдирүү кылган.

Экспертизалык иликтөөдөн кийин Өмүрбек Бабановдун бул билдирүүсү улут аралык мамилени козутуу жана учурдагы бийлике баш ийбөөчүлүкө чакырык таштоо катары кабыл алынган. Иликтөө ишинин жыйынтыгы УКМКнын тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу