Бабановду Путин капа кылдыбы?

“Республика — Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек  Бабановдун маанайы нөлгө түшүп, сиркеси суу көтөрбөй жаткан кез. Буга президенттик шайлоого барууга бийлик тараптан ишарат берилбегени, Кыргызстанга Владимир Путиндин келип кетиши менен Сапар Исаковдун таскагы катуулап чыгып, көлөкөгө сурулуп калышы себеп болуп жатыптыр.

Жаңы жылдан бери жер-жерлердеги штабдарын жандантып каттуу камылга көрүп жатканы менен бийликтин колдоосун сезбей өгөйлөнүп, мындан улам  эмне кылаарын чече албай суудан кургакка серпилип калган балыктай туйлап жаткан учуру.

Бар тобокелге салып башын канжыгага байлап, ачык күрөшкө чыгууга суу жүрөк жаны даабай, жалтаңдап айласы куруп жатат. Чечкинсиз, кайраты жок неме анан кантип президент болуп жыргатат? Жарабайт го…

Мамлекетти ойт бер­ме, жалтаң, суу жүрөк башкара турган болсо, келечек тууралуу сөз козгоонун өзү опурталдуу болот го..

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу