Бабановду «баалап» жүргөн Нурсулуу

Нурсулуу Карабекова модель:

— Нурсулуу, алгач өзүң тууралуу кененирээк маалымат уксак?

— 1998-жылы жарык дүйнөгө келгем. Азыр жыйырма жаштамын. Юридикалык академиянын студентимин. Спорт менен машыгам. Визажисттик кесип менен да алектенем. Менин түркүгүм, жашоодогу колдоочуларым үй-бүлөм, кыйынчылыкта жөлөк болгон апакемдин эмгегин баалайм.

— Адатта жай айлары эс алуу айлары эмеспи. Сенин эс алууң тууралуу кеп козгосок…

— Өзүбүздүн берметтей көлүбүз турганда алыска барып эс алууну туура көрбөйм. Көлүбүзгө эмне жетсин! Бул жай айларында Ысык-Көлгө үч ирет барып эс алып кайттым. Дагы барам го деген пландар бар. Эс алууларымдын баары шандуу, ойдогудай болду.

— Сулуулук сынактарында көп иигилик, жеңиштериң бар экен…

— Мен «Мисс краса- 2015» сынагынынын катышуучусу болдум. 2016-жылы «» дүйнөлүк сулуулар сынагында баш байгенин ээси болдум. Албетте бул сынактар жашоомо чоң өзгөрүүлөрдү алып келди. Жашоого болгон оюмду өзгөрттү.

— Күйөрмандарың кат жөнөтө берип тажатышпайбы?

-Аңдай мырзалар өтө эле көп. Баарына жооп жазбайм. Мени көпчүлүгү бой көтөргөн кыз катары көрүшөт. Бирок, мен идеалдуу көргөн, мен жактырган сүйүктүү адамым бар.

— «Жүрөгү бош эмес экен» деп жигиттердин шагы сынат турбайбы. Качан турмуш курайын деп атасың?

— Азырынча датасын деле белгилегенибиз жок. Кудай буюрган күнү тоюбуз болот деп турабыз.

— Мырзалардагы баалаган сапаттарың?

— Камкор, ак көңүл, кайдыгер эмес, баардык нерсеге пикир билдире билген, чечкиндүү мырзалар жагат.

— Сен баалаган саясатчылар кимдер?

— Абдан акылдуу, амбициялуу саясатчы Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгүн баалайм.

— Визажисттик кесибиң тууралуу айтсаң?

— Сулуулукту жактырган жанмын. Жакын адамдарыма, тааныштарыма үйдөн эле жүздөрүнө кам көрөм. Салонго иштегенге азырынча убактым жок. Келечекте сулуулук салонун ачуу планымда бар.

Булак: “Азия Ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу