Бабановдун жогорку баллы – “жашылбайдын” ыраазычылыгыбы?

“Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов мамлекеттик тилден экзамен тапшырууда
жогорку балл алды” дешип бир катар маалымат булактары жазып чыгышканын
окуганбыз. Өзгөчө Бабановдун колунан акча алып, оозун карап жашаган ММКлар
мындай маалымат менен Өмүрбек Токтогуловичти аз эле жерден филология
илимдеринин доктору кылып кое жаздашкан.

Көрсө, кептин баары башка жакта жаткан экен да. КТРКнын директорунун мурдагы
орун басары, учурдагы Ө. Бабановдун пиарчысы бар. Жаштайынан саясатка аралашып,
алчы-таасын жеп калган жигит. Ал президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил
боюнча экзамен берээрдин алдында борбор калаабыздагы кафелердин биринде тил
комиссиясынын мүчөлөрүнө шефинин атынан деп сый тамак уюштуруп, аягында ар
биринин колуна “жашылбайга” нык толгон конверт карматканы жалганбы? Мындай
шартта Бабанов жогорку балл албаганда кандай балл алмак эле? “Чү” дегенде эле
кыргыз тилинен сынакта акча менен комиссия мүчѳлѳрүн “ыраазы” кылуу менен
баштаса, бу эренибиз акчанын күчү менен такка отурса, короткон каражатын акташ
үчүн Кыргызстаныбызды “пулдап” жиберүүдѳн да кайра тартпайбы, ыя?

Булак: sayasat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу