Бабановдун бүгүнкү калпын Ташиев эртең чыгарат

Бүгүн 1-июлда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Жогорку Кеңештеги «Республика- Ата Журт» фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов Президенттикке талапкерлигин көрсөттү. Иш-чарага миңден ашык адам келип, алдыңкы сапта акаевчилдик атамандар турду. Алсак, Апас Жумагулов, Үсөн Сыдыков, Медеткан Шеримкулов жана башкалар.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда Бабанов, Камчыбек Ташиевдин жолун зарыгып күттү. Тилекке каршы ак көңүл Ташиев мунусунда артын караган жок.

Эми кызыктын, эң кызыгына токтололу. Өмүрбек Бабанов президент болбой жатып, баягы «афера»  оорусу кармап, элди дагы алдады.

Көрсө,  Өмүрбек Бабанов «Республика Ата-Журт» партиясы менен кошулуп чогу жыйын өткөрүп, жыйындын негизинде саясий чечим чыгарып, президенттикке аттануусу керек экен. Тилекке каршы бүгүнкү курултайда, ЖК депутаты Талант Мамытов, Бабановдун токуп берген жалган токтомун окуп берди.

Негизи саясий жыйынга аталган партиянын тең-төрагасы катары Камчыбек Ташиев катышып эки партия тең өзүнүн тең салмактуулугун көрсөтүшү керек эле. Бирок андай болгон жок. Мунусунда Бабанов өзүн-өзү, калдайган элди жана Камчыбек Ташиевди «конкреттүү» кулакка тепти.

Эми Бабанов айласы кеткенинен элдик курултай аркылуу президенттикке өзүн-өзү көрсөтөбү деген ой жаралат. Себеби, Өмүрбек Бабанов өткөргөн курултайында  бир дагы партиянын желеги желбиребей, өзүнүн бажырайган, көздүн карегине толгон «БАБАНОВ» деген гана жазуулары менен гана алдыга кадам таштады.

Бабановдун биринчи кадамы түз кетпей, колдоп сүйлөгөн кишилеринин бири «Өмүрбек Чиркешевич» деп атаса, бири «депутат бол» деп бата берди.

Баса, жакынкы арада Камчыбек Ташиев, Бабановдун көз боемочулугу жөнүндө маалымат берет. Бүгүнкү жалганы ачыкка чыкса, «Кыргызстанды байытам» деген Өмүке, акаевдик армиясы менен кошо кулабаса болду.

Кызыктар али алдыда.

Булак: Назарньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу