Баарын «былгыткан Фаридби?»

Саясий интриганы мыкты өздөштүргөндөр өзүн гана ойлоп, бирдиктүү команданы бөлүп-жарганга уста болот эмеспи. Алар эки адамды араздаштырууну мыкты өздөштүргөн оюнчалар. Атамбаевдин оң колу болуп жүргөн Фарид Ниязов дагы ушундай оюнчалардын алдыңкы катарына кирерин баарыбыз жакшы билебиз. Ниязов интригадан башка жарытылуу иш жасай албай турганын кызматта турганда көрсөтпөдүбү. Азыр дагы ошол ишин улантып жатканын Атамбаев эле көрбөсө, “Форумда” жүргөндөр айтып эле жүрүшөт. Фарид мырза партиялаштарына телефон чалып, «Форумга» келип кетүү буйругун бергенди дагы деле токтото элек экен. Ниязовдун ким экенин билгендер анын айтканын этибарга албастан “Сенин айтканың бизге өтпөйт!” деген жообун узатыптыр. Мындай жооп болорун билбеген Ниязов аларды өзүнө баш ийген гезиттер аркылуу жамандатып жатканын, бул кылыгы менен шефинин аброюн нөлгө түшүргөнүн Атамбаев качан аңдайт? Ансыз деле Фаридге ишенип жүрүп азыркы күнгө туш болбоду беле. Партиялаштары дагы Фарид ошол жерден кетсе интрига токтойт эле дегенин партия лидерине эч ким жеткизбей жатабы?

Булак: «Жаңы Ордо» 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу