Баардык эркектер бир гана төмөндөгү касиети бар кызга ашык болушат…

Биз, аялдар коому дайыма изденүүнүн үстүндө жүрөбүз. Ар дайым айлана-чөйрөгө, адамдарга, коомго, эркектерге жагуу үчүн аракет кылабыз. Ал үчүн түрдүү курмандыктарга барабыз. Себеби: айымдар табиятынан адамдардын ырайымына, көңүлүнө көз каранды. Анын ичинде эркектердин дагы…

Көпчүлүк айымдардын “Мырзаларга кандай айымдар жагат?” деген суроо менен башын катырып келишет. Бийик така кийип, бетине упа, помада сүртүп, өзүнүн келбетине өзгөчө маани берген кыздарбы? Же эркектерге назик үлбүрөгөн кыздар жагабы?  Негизинен алганда булардын баары жөн гана сырткы келбетке байланыштуу нерселер. Бирок, сырткы келбет – убактылуу гана нерсе. Муну менен көпчүлүгү макул болбошу мүмкүн. Чындыгында кооздук, сулуулук  убакыттын өтүшү менен жөнөкөй эле көрүнүп калат. Сиз аны кааласаңыз дагы, каалабасаңыз дагы болот.

Мырзаларды эң биринчи орунда төмөндөгүлөр кызыктырат. Ал узун бут, сымбаттуу мүчө, ал тургай Джолинин эриндери дагы эмес. Окумуштуулар узакка созулган изилдөөлөрдөн кийин бул суроонун жообун табышкан. Көрсө мырзалар “бакытка” ашык болушат экен. Бакыт. Ооба. Жалпысынан алганда эркек кишини да, аял кишини да кызыктырган бакыт. Бактылуу адамдын жанында болуу – өзгөчө сезим тартуулайт.

Ар бир адам табиятынан өзүмчүл. Өзүнө шерик издегенде биз эң биринчи өзүбүздүн бакытыбыз менен абалыбызды ойлойбуз. Бактылуу адамдын жанында болуп, аны менен сүйлөшкөн учурда  биз автоматтык түрдө ошол адам менен бактылуу боло ала турганыбызга көзүбүз жетет. Албетте, эркек бакыт түшүнүгүн ар кандай кабыл алат. Бактылуу адамдар төмөндөгү касиеттерге ээ:

1. Бактылуу адамдын жанында болуу менен сиз жеңилдикти сезесиз. Ал ар бир кичинекей нерсе үчүн маанайын түшүрө бербейт. Баардык жерде өзүн жакшы сезет. Жашап жатканы үчүн бактылуу.

2. Жылмайып жүрөт. Жылмайып жүргөн адам алда канча жагымдуу көрүнөт. Адамдарды да өзүнө жакындатат.

3. Адамдарга жакшы мамиле жасайт. Позитив, башкалар менен жакшы мамиле орнотуу бактылуу адамдын белгиси.

4. Жалгыз өзү жөнүндө гана эмес, баардыгы жөнүндө пикир билдирип, кубанычка бөлөйт.

5. Башкалар көргөн жамандыктын жакшы жагын көрө алат. Аба ырайынын бузулуусу көйгөй жаратпайт. Бактылуу адам үчүн күндүн салкындыгы менен бороон-чапкын деле керемет, өзгөчө кубулуш болушу мүмкүн.

Мырзалар дагы ошондой. Табигый инстинкт бизди бактылуу кыла ала турган адамга жетелейт. Бактылуу адам – ал өзүнө ишенген адам, жашоону сезе билген, адамдарды да кандай болсо, ошондой кабыл алган адам. Эч кимден күнөө издебейт жана өзүнүн кемчилигин кабыл алып, аны оңдоого аракет кылат. Бактылуу адамдын жанында сиз дагы өзүңүздү 100% бактылуу сезе ала турганыңызга кепилдик бар.

Булак: Kundemi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу