А.Турсунбаев кайсы бети менен депутат болуп отурат?!

 

Парламентте чымкый олигархтардан куралган «Кыргызстан» деген фракция бар. Жаман иттин аты бөрүбасар демекчи, атына заты жарашпаган фракция десек жарашат. Маселен, бул фракциянын көзгө басаар депутаттарынын бири «Акжолчу» Азис Турсунбаев уюшкан кылмыштуу топтор менен коюн-колтук алышып, камыр-жумур болуп жүргөнү маалым.
Тактап айтканда А.Турсунбаевдин карачечекей бир тууган агасы –Онушбек Турсунбаев айтылуу криматалык Рысбек Акматбаевдин баш кесери катары таанымал. Убагында туугандашып, Тынычбек Акматбаевди өкүл ата коюп алган жайы бар. Ошондо А.Турсунбаев криматалык Р.Акматбаевдин кан кудасы болуп жатпайбы? Азыр эл өкүлү болуп отурган Азис мырза буга не деп жооп бере алаар болду экен?
Токмогу катуу болсо кийиз казык жерге кирет болуп, башкесер болуп жүргөн Онушбек Турсунбаев депутат бир тууганынын жардамы менен 2008 жылы майлуу-сүттүү деген Бишкекархитектурага башкы архитектор болуп дайындалган. Бирок Каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, О.Турсунбаевге Кылмыш кодексинин 304 жана 315 беренелери боюнча айып тагылып, издөөгө алынган. “Из кубарлар” издегени менен майнап чыкпай келет. Же алардын кекиртегин майлап койобу, айтор О.Турсунбаев дарегин чыгарбай кеткени ырас. Анткен менен аны аш-тойлордон көрүп жүргөндөр бар экен. Бир гана Каржы полициясынын изкубарлары анын Бишкекте аш-тойлордо шапар тээп жүргөнүн көрбөй калгандары кызык.
Балким парламентте отурган иниси Азис Турсунбаев бармак басты, көз кысты кылып, ишти бүтүрүп койгон болуп жүрбөсүбармак басты, көз кысты кылып, ишти бүтүрүп койгон болуп жүрбөсүн? Чамасы “Кыргызстан” фракциясында криминалды туу туткандар арбын окшойт. Болбосо Өзбекстанга барып, криматалыкка сыйынып келбейт эле дейм да.
Айтор ага-ини Турсунбаевдерге окшогон шылуундар элди кууратып жатканын ким жокко чыгара алат? Бир буту менен парламентте, бир буту менен кримчөйрөдө болуп балким А.Турсунбаев агасын калкалап жүрбөсүн? Анда эле Каржы полициясы башкесер О.Турсунбаевди жакын арада кармабай калды дей бериӊиз. Айтор кылмыш дүйнөсүнө белинен баткан ага-ини Турсунбаевдерге чара көрө албаган күч органдары эмне иш менен алек болуп жатышат болду экен?! Же экөөнү бир капканга кармайбыз деген план ишке кирип, жакын арада сюрприздерге күбө болобузбу?!

Булак: Маалымат.кг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу