А.Сегизбаев эки тоонун чөбүн эңсеп жардан кулайбы?

УКМКнын экс-төрагасы А. Сегизбаев түн уйкусу бузулуп, күндүзү тынчы кетип атканын эшиттик. Ошондон улам ал жакында эле ЖК депутаты Рыскелди Момбековду өзүнө чакырып, «Рыскелди Чыныбекович, сиз билсеңиз менин тайкемсиз, коркпой-үркпөй түз качырып сүйлөйсүз» деп далысынан таптап, бир топко мактап отуруп, аягында «Тигил экс-«кожоюн» А. Атамбаевге айтып койсоңуз, азырынча бийликке ачык каршы чыкпай турсун деген сөзү бизге чейин угулду. «Мен да ачык каршы чыкпай турам. Анан акырындык менен план түзөбүз. Азырынча бийликти мактап эле туралы, анан ыңгайы келе калганда «далысынан бычак саябыз»», — деп оюн жыйынтыктаганын тана алабы? Башынан тынч отура албаган, ар кандай бузуку пландарды түзүүнү өзгөчө өздөштүргөн адам ошол калыбынан чыга албай турганынын далилдеп жаткан жокпу? Анын үстүнө аны алты жыл ичинде колун жоорутпай, белин оорутпай эле таап алган байлыктарын кантип сиңирип кетүү деген ой дагы жеп атса керек да.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу