А.Сегизбаев «Белизгейтти» акча менен «чечем» деп неге чамынууда? 

Бир өлкөнүн коопсуздугун коргой турган атайын кызматтын башында туруп, «Белизгейт» өңдүү ойдон чыгарылган жалган маалыматты тараткан Абдил Сегизбаевдин учурдагы эң башкы көйгөйү — бул кантип ушул кырдаалдан чыгып кетем деген суроодо жатат экен. Убагында «Эгерде Белизден келген документтер жалган болуп чыкса, анда А. Сегизбаев керт башы менен жооп берет» деп анын «кожоюну», экс-президент А. Атамбаев билдирген.

Эми жооп бериши керек болуп турат. Себеби, УКМК Белиз өлкөсүнөн 2016-жылдан бери карай эч кандай документтер келбегенин ырастады. Демек, А. Сегизбаев өтө эргип кетип, «Белизгейт» деген жомок ойлоп тапканы билинди. Бул боюнча эми ага прокуратура кылмыш ишин козгошу керек.
Бирок, бизге жеткен маалыматтарга караганда А. Сегизбаев ары-бери чуркап, «мен бул ишти акча менен эле жаап коем» деп компоюп жүрөт дешет билгендер. Антип компойгонунун кандай сыры бар болду экен?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу