А.Салянова: «Анвар Артыковдой адам болуп калуудан кудай сактасын»

Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда 2010-жылы болгон мародерчулук боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын  отчету болду. Баяндаманы КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков жасады.

 

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова токтом ушактарга таянуу менен гана жазылганын айтып, «Анвар Артыкович, токтомду ким жазган, бул жерде жалаң имиштерге таянуу менен жазыпсыңар го» — деди.

Анвар Артыков «Сиздин айткандарыңыз эле чын болуп, биздики калп боло береби, ушул күнгө чейин сиздин айтканыңыз болуп келди. Болду жетишет, эми сиздин айтканыңыз болбойт» — деп чуу салды.

А. Салянова: «депутаттык комиссиянын төрагасы Анвар Артыков Текебаев менен жеке мамилеси начар болгон. Эч кандай жаңы фактылар, далилдер жок. Парламентте башты айлантып ар нерсени айтып жатат. Жеке мамилени, кызыкчылыкты бул жерден колдонбош керек. Артыковдой адам болуп калуудан кудай сактасын» — деди.

Артыков: «Сиздей адам болуп калуудан да кудай сактасын» -деп  жооп кайтарды. Эки депутаттын кайым айтушуусун төрага токтотту.

Салянова так суроолорду бергени менен Анвар Артыков жеткиликтүү жооп бере алган жок.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу