А. Мадумаров: «Өкмөт таза шайлоо өткөрүүгө кызыктар эмес»

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, президент болуу ниетин билдирген Адахан Мадумаров кыргыз өкмөтү таза шайлоо өткөрүүгө кызыктар эмес деп билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан таза шайлоону талап кылган жыйында сүйлөп жатып айтты.

— Өкмөт шайлоонун таза өтүшүнө кызыкдар эмес. Мисалы бүгүнкү жыйындан өкмөттүн бир дагы өкүлүн көргөн жокмун. Биз айыл-аймактарды кыдырып келдик. Ал жактагы элдин 90 пайызы шайлоонун таза өтүшүнө ишенишпейт, — дейт ал.

Мадумаров Кыргызстанда бир дагы жолу мыйзамдуу жол менен бийлик алмашпаганын, бул жолу да бийлик мыйзамдуу түрдө башка колго өтөөрүнө күмөн санап жатканын жарыялады. Ал буга окшогон жыйындардан жыйынтык чыкпасын айтып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылуунун башка жолдорун карап көрүүнү сунуштады.

Булак: maralfm.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу