А.Иманалиева:»Кенедей кезден коюнуңда жүрүп, чак түштө чаккан жылаандан сакта»:

Устат менен шакирттин урушуп жүрүшкөнү баарыбызга маалым.Мындан аз убакыт мурун эле соцтармактарга Айчүрөк айым менен Анжеликанын бири-бирине болгон нааразычылык посттору чыкты эле.Элдин талкуусуна алынган бул айымдарыбыздын уруштары дагы да уланып жаткан кербези экен.Агынан жарылган Айчүрөк айым бүгүн Анжеликанын сырларын ачыкка чыгарыптыр.Анда Айчүрөк Иманалиеванын өзү жазган посттун жарыялайбыз.

«Анжелика, сен менин баламдай элесиң, мен сени атаандаш катары санабайм»
Мен сенин жеке жашооң тууралуу ушул убакка чейин унчукпай келгем. Ушунча элдин алдында мени каралаганыңдан кийин, апаң кошулуп мен сени улуу кишилерге тааныштырган»-деген сөзүңөрдөн кийин гана үн катууга мажбур кылдыңар. Кыскасын айтканда, экинчи энең катары колуңдан жетелеп келип сахнага чыгарып, элге таанытканыма, азыркы жашооңдун түптөлүшүнө салым коштум эле «рахматыңды» жакшы айттың. Анжелика, сен менин айткандарымды 100 пайыз калп деп жатасың. Баары чындык экенин өзүң жакшы билесиң, сени түшүнөм, актаныш үчүн айтылгандардын баарын калпка чыгаруудан башка арган жок. «Көргөн жерден чуркап барып, бетинен өөп учурашам» дейсиң, кептин баары эл бар жерде болуп атпайбы. Эл көрүп турганда чуркап келип учурашып, эл жок жерде жөөлөп өтүп, тымызын кылгылыкты кылгандан кийинки бетимден өпкөнүңдүн кереги жок го деп ойлойм. Мен илгери эле китеп жазып анын ичинен сага да орун берип, сен тууралуу жакшы көз ирмемдерди жазгам, а сен китепче жаздың, мени сыйлаганың чын болсо устатым эле деп бир ооз сөз жазып койдуңбу? Сенин тымызын кылган кылыктарыңды бирден жазбай эле коёюн, өзүң жакшы билесиң. Мени таарынтып, ачуулантып, нааразы кылып аткан ошол кылыктарың экенин да билесиң. Калп эле акчага шылтай бербе. Албетте, акча баарына керек, а бирок биздин мамиледеги тикенек сенин калп сүйлөгөнүңдөн, айлакер, куулугундаң, энеңдей болсом да батынып кол көтөргөнүңдөн жаралганын эсте. Адамды акча менен эмес, ак пейил, жылуу мамиле менен ыраазы кылганды үйрөнгүн. Бул менин сага улуу эжең катары берген кеңешим болсун. Аркаман болсо ушагыңды токтотпойсуң. Айтканыңды айтпадым деп танмай сага тийиштүү сапат, Анжелика. Жети жашымда колума келдиң, ошол кезди азыр эстейсиңби? Мен жасагандарымды милдет кылган жокмун, бирок, «унутчаак» болсоң эсиңе салайын. Ал кезде мен сага көңүл бургандай, өз балам Аргенге да көңүл бурбагам. Алгачкы клиптериңди тарттырдым, ырларыңды жаздырдым. Ыр асмандан түшө калбасын билип аткандырсың. Сөзүн жазганга, обонун жаратканга, аранжировкасын жасаганга, деги койчу баары акча. Ага ылайыктуу костюм-бул да бир топ каражатты талап кылат. «Бул акчага кызыма ыр жаздыралы» деп же апаң бир сом акча чыгарганбы? Жок! Өзүмдүн кызымдай эле тапканымды сарптап, сенин элге алынышыңа колумдан келген күчүмдү жумшадым. Ырларды радио, телеканалдарга таратуу да чоң түйшүк экенин азыр сезип жатсаң керек? Ошол учурда азыр сени жандап, мактап, мага кыр көрсөтүп жаткан жан-жөөкөрлөрүң каякта эле? Өзүм радио-телелерге барып, сенин ырыңды сунуштап чуркаганымдагы кыйынчылыкты, сен эми көчөдөн бир кызды алып, жок талантты бар кылып күчтөп жаратып, атактуу кылып эл алдына чыгарганга аракет жасап көр, анан билесиң. Элге атың чыгаары менен турмушка да чыктың. Ар бир кыздын бараар жери күйөө деп бак тиледим. Турмушка чыкканыңдан кийин «Эки жыл чогуу иштейли, жер кыдырып концерт коёлу, андан кийин өз алдыңча болсоң бол»,-деп жайынча айттым. А сен: «Эже, мен такыр эле сахнадан кетем. Урмат ырдабай эле кой, тойлордо ырдаган уят деп жатат, намаз окуйт «-дедиң. Аныңа да макул болдум. Ошол кезде намаз окумакчымын деп оронуп чыга келдиң. Оронгонуңдан да чечип ыргытканың тез болду. Анан эле «Камбаркан» оркестри менен биргеликте Бакиев Адыл Салиевич жана анын Айбек деген оң колу менен Швейцарияга чогуу кеткениңди уктум. Сахнадан кетем дегениң жөн гана менин эмгегимди тебелеп, өз алдыңча болуу үчүн айткан кезектеги калпың экенин ошондо түшүндүм. Андан кийин деле сахнадан түшпөй ырдап аттың. Мени алдап ырдабайм дебей, ачык эле сизге иштегим келбейт, кылганыңызга ыраазы болуңуз деп кетсең деле болмок. Эки жыл иштеп бер дегем, ал эки жыл бою иштемек деле эмессиң. Кыргызстан анча деле чоң эмес, чоң-чоң шаарларга жылына эки-үч күндөн беш- алты жолу концерт коюу жетиштүү болмок. Ушундай ирээнжиткен калптарыңдан кийин ачуум менен эмне иш кылып жүргөнүңдү күйөөңө жана ММКларга айтам дедим. Ошондон эки жума өтпөй машинабызды талкалап, жолдошум экөөбүзгө кол салуулар болду. Мага телефон аркылуу «Анжелика жөнүндө эми бир сөз айтсаң балдарыңды өлтүрүп кетебиз. Алдагы Аргениңди наркотик менен түрмөгө тыгып эки кулагын, башын кесип пакетке салып алып келип беребиз дешти. Коркконубуздан экинчи уулум Арленди бир жыл чет мамлекетке качырдык. Ошондогу мен көргөн күндү сага каалабайм, Анжелика! Американы ачып атам дебейм, сөз кезеги келгенде айтайын, сени ал убакта Адыл Бакиев менен Айбек «колдоп» жүргөндүктөн арыз жазганыма карабай, көңүл бурулган жок. Кийин гана бийлик алмашканда, күнөлүүлөр табылды. Апаң балдардан акча алып, «отказной» жазгансың деп атат. Ооба, жазганым чын. Чыңгыз деген бала тааныштарды ортого салып сүйлөшөлү деп чакырды. Алар мага «Эже, өзүңүздүн эле кыз, эмне кыл дейсиз эми, балдарды чыгарып бериңиз. Талкаланган машинаңызга, даары-дармекке кеткен чыгымды төлөп берели деген сөз сөз бойлон калды. Апаң айткан былчыйган акчаны Кудай турат бир тыйынын көргөн да, алган да жокмун. «Кенедей кезден коюнуңда жүрүп, чак түштө чаккан жылаандан сакта» болгонун билип, «жылаандын» кылыгынан жаш жигиттер менен жаман-жакшы көрүнүшпөй эле коёлу дедим. Бирөөлөргө кол көтөрүүгө заказ бергениң, өзүңдүн кол көтөргөнүңө барабар! А көралбастык дегенди айтпа, мен ич күйдүүлүк кылчудай чоң ийгилик жараткан жоксуң. А сенин азыр мактанып жүргөн чүпүрөк-чапырагың менден калган. Сен мени көрө албайсың дегениңе таң калдым. Сен менин баламдай элесиң, мен сени эч качан атаандаш катары санабайм.
«Эмнеге үнүм жок болсо ырдаткансыз» деп социалдык желедеги баракчаңа жаздың, сөз убагы келгенде айтпасаң сөз атасы өлөт демекчи жооп берейин, мында сенин айыбың жок, аны апаңдан жакшылап сура. Ошол кезде топтогу балдар Анжеликаны ала берели деп туруп алышкан. Коллективдин ою мен үчүн ар дайым чоң роль ойноп келген. Көрсө, мен концерттен кийин мейманканада калып калганымда, топтогу эркек балдарды апаң коноктоп, колго алган экен…Бир күнү апаң аябай капа болуп келди – «Таласта жакындарыбыздын тоюна Анжелика ырдасын деп суранып туруп алышты. Макул болуп эл алдына чыгарып койсом кызым ырдабай көпкө чейин күлүп тура берди. Бир убакта музыканын ыргагына түшө албай, бир куплет бир нерсени обону жок эле сүйлөп салды. Бул эмнеси?» — деп аябай ыйламсырады. Ошондо боорум ооруп «Мектепти бүткөнүңдөн кийин Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайына жиберем. Балким, сенден жакшы актриса чыгаар»,- дегем. Же, аны да унуттуңбу? Кийинчерээк үнү ачылып кетеби дегем, бирок ачылбаган бойдон калды. Элдин батасы менен алып келгенимден кийин орто жолго таштап койууга элдин кишиси катары адамдык намысым жол берген эмес. Эгер чынында эле үнүң укмуш болсо эл аралык сынактарга барып байгелүү орундарды алып келип жаткан таланттуу ырчыларга окшоп сен неге сынактарга барбайсың? Эмнеге Кыргызстандын атын даңазалап желегин желбирете албайсың? Фонограмма менен ырдап, жалтырак чүпүрөктү жамынып ырдап коюш оңой. Ал эми жаштарды таптап, чет жерге чыгып алдыңкы орунду алып келүү башка нерсе. Биздин маданият министрлиги реформа жасап, той болобу, концертпи фонограмманы жоюп салса сенин азыркыдай мага тастаңдаганыңды көрөт элем. Ырчылык өнөр бул-жылтырап кийинип келип өчүк микрофон менен оозуңду кыймылдатып койуп жылдыз болуу эмес. Өзүңдү-өзүң ашкере мактап, интернет баракчаңа чүчкүргөнүңө чейин бөлүшө берип көп адамды ирээнжитип алганыңды өзүң байкабай калдың. Бүгүнкү күндө интернет баракчаңда жазылган туура эмес пикирдин баарын менден көрүп атасың. Мен элдин баарын сага каршы үгүттөй албайм, өздөрүнүн пикирин жазган адамдарды мен деп ойлогонуңа жол болсун.
Гулина апаң кызымды килтейген кишилерге салып берээрде күйөөгө берип салдым деп жатат. Ал киши раматылык Мухтар Өмүракунов эмес беле. Анда сен 7-8-класста окучусуң. Москвага поезд менен концертке Назми, Сапар болуп чогуу баратып Мухтар менен телефондон сүйүүңөр жөнүндө сүйлөшүп жатканыңды угуп Назми экөөбүз бир-бирибизди карап тоңуп калганбыз. Мен ошондо билдим экөөңөрдүн жакшы мамиледе экениңерди. Мухтар дос менин чыгармачылыгымды сыйлап бизди чакырган деп эле ойлогонбуз. Көрсө иштин маңызы башка жакта экен. Өспүрүм кыз мындай чоң адамдар менен мамиле кылат деп миң уктасам түшүмө кирген да эмес. Бир күнү Мухтар чалды: «Анжелика мага чалып ооруганын айтты, үйүн билбейт экем көрсөтүп барып келчи,-деп. Кызы ооруп атса Айчүрөк бир басып келген жок деп айтат, жүр досум көрүп келели» деди. Болгону ошо. Кыскасы, энеңдей болуп камкордук көргөн мага кылган мамилеңди өзүң териштир. Эгер, албетте, абийир соту деген сенде жашаса. Буга чейин да ырларымды ырдадың, «Эжекемдей боломун» деген ырымды концертиңде кыздарыңа ырдаттың. Ошол кезде мамилебиз начар болсо да наристелер үчүн чын жүрөгүмдөн сүйүнүү менен кабыл алдым. 19жылдан бери аткарып келген жар-жар ырын ырдап чыкканыңда мейличи деп унчуккан жокмун. Эми «Махабат көлү» деген ырымды жаздырып чыктың. Бир ооз эле телефондон “’Эже ушул ырды ырдайын деп жатам” деп койсоң мен кантип жок дейин. Менин аткаруумдагы ырларымды Съездбек Искеналиев, Асема, Асель Кадырбекова, Айгерим Расул кызы жана Алиса деген жаш кыз уруксаат сурап эле жакшынакай ырдап жүрүшөт. Анан да бул кылыгыңды айтып койсом «Бул ырды сиз ырдадыңыз беле, ырдасаңыз кана видеосу же аудиосу көрсөтүңүз деп талап кылып чыктың. Сен ушунчалык элдерди ишендирип сүйлөгөн жагынан алдыңа киши салбайсың. «Махабат көлүн» ырдаган эмессиң, кана болсо көрсөтчү деп мага асылганыңда мен өзүмө-өзүм ишенбей чын эле ырдаган эмесминби деп да ойлоп кеттим. Радиолорго барып архивден таап келгиче жаман акыбалда калдым. Мени ушунча кылып атасың, сырттан карап турган адамды жөн эле ишендирип коюшуң кеп эмес. Анжелика, сен мага «Мен жөнүндө жазганыңыз 100 процент калп жана «Махабат көлүн» сиз ырдаган эмессиз, бул да калп» дедиң. Сен менин репертуарымдагы бардык ырларды билем десең жаңылашасың, анткени мен популярдуулукка жеткен кезде сен жалаяктагы ымыркай болчусуң, алтыным. Айтыла турган сөз көп, сени башкалар алыстан билишет, алыстан жакшы адамга окшошоорсуң. Башка бирөөнүн баласын бапестеп өстүрүп, атын таанытып анан анын ыраазычылыгына жүрөк ооруткан мамилени алуу оор экенин сен эч убакта билбейсиң. Анткени, эч убакта башка бирөөнүн баласын өз балдарыңдан өйдө коюп, көңүл буруп, өстүрө албайсың. Кыскасы, жасай турганыңдын баарын жасадың, кылаарыңды кылдың, эми тастаңдап мени менен ыр талашпа. Мен сен жөнүндө эчак эле унуткам, сен да мени жана менин репертуарымдагы ырларды унутуп сал. Эгер мен чын эле силер айткандай жаман адам болсом, сен ошол жаман адамдын репертуарындагы ырларын ырдабай эле кой. Бирок муну да кылбай коё албайсың. Себеби сен үчүн адамдык касиет эмес, акча бийик турат. Жогоруда сен тууралуу айтылгандар мен билген фактылардын жарымы гана. Цирктеги өткөн конкурста кантип биринчиликти алганың жана Кытайдагы кылыгың тууралуу өзүң айткандай фактылар менен айта турган болсом сөз көбөйүп кетет. Мен сага тийишпеген соң, сен да менден алыс бол.»

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу