А. Ибраимовдун «Дастандагы» ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголду, эми 9090 сомдук көчөттөрү боюнча фигурант болушу калды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов тээ 2012-жылы «Дастан» ААКнын башкармалыгынын төрагасы болуп турганда эле мамлекетке ири суммада зыян алып келген экен. Көрсө, Албек мырза ошондо эле мамлекеттин эсебинен кантип байыса боло турганын мыктылап өздөштүрүп алган тура.

Андыктан УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу») 4-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Ошол «Дастанды» башкарып турган маалда А. Ибраимов «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсынын башкы директору А. Сасыбаева менен жалпы суммасы 533 миң 760 долларлык келишим түзгөн. Ал келишимге ылайык 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткизүү милдети «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсына жүктөлгөн. Мында ар бир комплекстин баасы 6 миң 672 доллардан айланган.

Ал эми «Дастан Инжиниринг» ЖЧКсы ошол эле милдетти аткаруу үчүн Украинанын мамлекеттик компаниясы менен келишим түзүп, ошол эле буюмдардын партиясын жалпысынан 14 миң 400 долларга сатып алган. Ал эми аны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Ошондо жалпысынан 53 миң 400 доллар гана коротулган болуп атабы? Ал эми ортодогу айырмачылык 470 миң 360 долларды түзүп атат. Демек, А. Ибраимов А. Сасыбаева менен жең ичинен сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын акчасын жогорудагыдай жол менен өздөрүнүн чөнтөгүнө түшүрүшкөн деп айтууга толук негиз бар.

Ал эми Бишкек мэри болуп туруп, 9090 сомдон чет мамлекеттен бюджеттин акчасына көчөт сатып алышканы боюнча жоопкерчилик тарта турган убагы алдыда. Ал боюнча өзүнчө кылмыш ишинин фигуранты болушу керек.

БУЛАК: maalymat.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу