А.Бекболиева: «Эгер, ал ушактын жана уруштун арты менен унутулуп бара жаткан өзүн таанытып, пиар кылгысы келип жатса өз алдынча уланта берсин.»

Эсиниздерде болсо өткөн жумада эле  «Супер инфонун» түз эфирине Анжелика Бекболиева барып өз чындыгын айткан эле,арадан көп убакыт өтпөй эле бүгүн, Айчүрөк Иманалиева да барып өз чындыгын айтып «Соттошсо далилдерим бар,соттошолу»-деди.Анда Анжелика өзүнүн инста баракчасына төмөнкү постту жазып жооп кайтарды.

 

«Айчүрөк эженин менин дарегиме айткан ушактарына, айыптоолоруна ар бирине токтолуп жооп бердим. Бүгүн дагы ал ушактарын курчутуп, кошумчалап кайталап бериптир. Ал, көзү өтүп кеткен адамдардын атын дагы аралаштырып жатат. Муну менен ал өтө туура эмес кадамдарды кылды. Жалган айткан, ушак чыгарганы мейли, бирок көзү өтүп кеткен адамдардын атын булгагысы келгени менен – ал жашоодо кандай адам экенин көрсөттү. Эми, мындан ары аны менен кеп талашып, жалган сөздөрүнө актангым да келбейт. Кудай алдында акмын, жакындарым дагы актыгыма ишенет жана билишет. Эгер, ал ушактын жана уруштун арты менен унутулуп бара жаткан өзүн таанытып, пиар кылгысы келип жатса өз алдынча уланта берсин. Мен теңелбейин деп чечтим. Азыр Орозо айында ушунчалыкка барыштын кереги дагы жок болчу. Улам эле ушак сөздөрдү алып чыгып, талкууга алына берген абийир алып келбейт. Бир дагы сөзүнүн далили жок, ушак, имиш жана божомол. Дагы кайталап айтат элем, ушак менен алектенбей чыгармачылыкка көңүл бурса балким пайдалуурак болмок. Ыр талаш менен чыр чыгара бергендин да чеги болот. Мен, эжеге болгон сый урматым бийик болчу, анын баарынан ажырап кетип жатат. Анын мага кылган жакшылыктарына, салымына дайым ыраазы экенимди айтып жүрөм жана унутпайм. “Мен ырдаган ырды ырдап салыпсың”,-деген чырдын аягы ушактарга аралашып кетти. Анын максаты ырдан келген чыр эмес, бир кезде жетпей калган максаттарына, мени колдоно албай калган ойлоруна өкүнүп, ачуусун чыгарып жатканы билинип калып жатат. Айтчу сөздү айттым, анын ушактарына далилдүү жооп бердим. Эжеге ийгилик каалайм, аны мындан ары жалган ушактарды таратып, өзүнүн кадыр баркын төкпөөгө чакырат элем. Бул жалган жашоодо калп менен көнүл калтырып, арам максаттарга жетүү болот деп түшүнүп жатса керек, акыретти ойлонсок. Кудай алдында корксок!»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу