А.Атамбаев С.Жээнбековго: Досум таза иште, мени уят кылба

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунда жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кайрылып, ал таза иштеши керектигин айтты.

«Мен ушул жылдар аралыгында мени колдогон Улуттук кеңештин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирем. Кээде мен өтө эмоционалдуу сүйлөйм. Кимдир бирөөнүн капа кылып алсам кечирим сурайм. Баардыгыңарга ыраазычылык билдирем. Улуттук кеңеш мындан ары да жемиштүү иштешин каалайм. Амбициялуу долбоорлорду баштоодон коркпош керек», — деди президент.
Атамбаев мындан тышкары жаңы шайланган президент С.Жээнбековго кайрылды.

«Досум таза иште, мени уят кылба», — деди Атамбаев.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу