А. Атамбаев менен С. Исаков кыргыз алтындарын кантип уурдашкан?

ТЭЦ, “Датка-Кемин”, жолдор-магистралдар, каржылык көз боемочулуктар, уурдоо, чуулгандуу камоолор, алдамчылык… Мамлекетибизде улам жаңы фактылар ачылып, чуулгандуу камоолор улам жаңы ачылган жагдайлар менен коштолууда. Бирок, биз азырынча кыргыз алтындары кандайча уурдалганы боюнча билебизби? Анан дагы аны кимдер жана кандайча уурдашканын? Атамбаевдин коррупциялашкан саясаты чет элдик монополисттердин колунда болгон. Алтын монополисти – канадалык “Центерра Голд” компаниясы дайыма ууру-“реформаторлор” менен ийгиликтүү “кызматташкан”. Мурда Кыргызстандын бийлиги алтын кени чыгуучу жайларга лицензия сатуу саясаты менен ал жерлерди өздөрүнүнчет элдик тоо-кен компаниялары менен байланыштуу адамдары аркылуу басып алуулар болуп келсе, анын баары аркада калды. Аренага Алмазбек Атамбаев жана Сапар Исаков деген жогорку кызматтардагы “соодагерлер” келишти. Алар 2016-жылы канадалыктарга Кыргызстандын алтын запастарын басып алуунун жаңы схемасын сунушташты. Анда ошол маселе тууралуу сөз кылалы. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан Карасай-Коенду алтын кени мурда бир нече ирет “Центерра Голд” тарабынан көмүскөдө геологиялык-чалгындоо иштерине кабылган. Анан алар ал жаткан аз эмес алтындын запасы бар экенин табышкан жана андан кийин тынч уктай албай калышкан. Бирок, “Ценетррага” бай кен чыгуучу жайды иштетүүгө укук бере турган лицензияны беришкен эмес. Себеби, ага бирде компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу түрдүү жаңжалдар, бирде мыйзамдагы тыюу салуулар тоскоолдук кылган, себеби кен чыгуучу жай өзү Сарычат-Эрташ коругу менен чектешип турган. Ал эми корук зонасында айлана-чөйрөнү коргоо максатында тоо-кен иштерин жүргүзүүгө тыюу салынары белгилүү. Канадалык компания жергиликтүү бийликке ал жер кенине ээ болуу үчүн бир нече ирет кайрылышкан, бирок ар дайым “Жок!” деген жоопту алышкан. Бирок, 2016-жылы баардыгы түп-тамырынан өзгөргөн. Туптуура эки жыл мурун тоо-кен компаниясынын жетекчилиги учурдагы экс-президент А. Атамбаев жана анын “оң колу” С. Исаков менен макулдашууга жетишкен. Алардын жең ичинен макулдашуусу мындай болгон, экс-президент А. Атамбаев менен “оң колу” С. Исаков аталган алтын кенин иштетүү лицензиясын өздөрү атайын даярдай турган компанияга берүүнү моюндарына алышкан. Анан ал компания ал лицензияны “Центерра Голдко” кайра сатмак болуп макулдашылат. Маселенин баасы, башкача айтканда бул “кызмат” үчүн акчалай сыйлык – 40 млн АКШ доллары болгон. Ошентип бир гана маселе калган – ошол жергиликтүү компаниянын өзүн негиздей салуу. Хусаметтин Иылмаз – А. Атамбаевдин бизнес-өнөктөшү, түрк ишкери, дал ушул адам экс-президенттин канадалыктар менен жетишкен макулдашуусун жүзөгө ашырууга тартылат. 2016-жылдын 29-сентябрында Хусаметтин Иылмаз расмий түрдө “ДЭМА” ЖЧКсын каттоодон өткөрөт. Кийинчерэкк бул компания лицензияны “Центерра Голдко” сатат. Баса, “Бишкек Парк” соода борбору Хусаметтин Иылмаз менен Алмазбек Атамбаевдин биргелешкен долбоорлорунун бири болуп саналат. А. Атамбаевге соода комплексинин активдеринин бир бөлүгү тиешелүү. Андан ары А. Атамбаевдин жана ошол кездеги КР президентинин аппаратынын жетекчиси С. Исаковдун көзөмөлү менен “ДЭМА” ЖЧКсы Карасай-Коенду алтын кенин пайдаланууга, тактап айтсак геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия алат. С. Исаковдун көрсөтмөсү менен компетенттүү органдар негизделгенине аз эле күн болгон “ДЭМА” ЖЧКсына геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берген документтерди беришкен. Баса, айта кетүүчү жагдай, ошол убакыттан бери карай “ДЭМА” ЖЧКсы бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн отчеттук маалыматтарында эч кандай геологиялык чалгындоолорду жүргүзбөстөн эле “жасалган иштер үчүн” деп жалган чыгымдарды көрсөтүп келет. Андай чалгындоо иштерин жүргүзүүгө бул компаниянын биринчиден тажрыйбасы жок, экинчиден тиешелүү техникалары да жок. Анан С. Исаков премьер-министр болуп калган соң, “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин мүчөсү Э. Кубатовдун аралашуусу менен алар менен жогоруда айтылган лицензияны 40 млн АКШ долларына сатуу боюнча макулдашуу түзөт. Сатуу процессин эртелетүү жана бардык процедураларды легалдаштыруу максатында С. Исаков Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу Мамлекеттик комитетинин жетекчилигине тиешелүү буйрук берген. Андан сырткары бүгүнкү күндө Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу Мамлекеттик комитети лицензияны берүүгө болбой турган көптөгөн бузууларды тапты. Мына ушул баардык көптөгөн миллиондук макулдашуулар боюнча бир гана суроо турат – ким лицензияга ээлик кылса, ал кыргыздын кен байлыктарын казууга укук алган болобу? Коррупция менен күрөштү баштагам деген Атамбаевдин чыныгы иши мына ушул. Атамбаев-Исаковдун антикоррупциялык саясаты ушундай болсо, андан өлкөбүз пайда таппай эле, зыянга учураган болуп жатпайбы. «Назар ньюс» сайтынан кыргызчаланды

Аргумент.kg
Жооп калтыруу