Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.
«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу» мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеген. Долбоордун авторлору экс-президентке кол тийбестикти кепилдеген мыйзамдагы 12-берене Конституцияга каршы келет деп эсептеп, ал беренени алып салууну сунушташкан.
Эми бул мыйзам долбоору кабыл алынса, А. Атамбаев алты жылда президент катары жасаган иштери үчүн суракка чакырылып, сот жообуна тартылышы мүмкүн. Аталган мыйзам долбоорун жазгандардын да максаты ошол болуш керек…
Булак: «Жаңы Ордо»