А. АБДЫЛДАЕВА ЮСТИЦИЯ МИНИСТРИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ.

Президенттин басма сөз кызматы  билдиргендей, Абдылдаева Айнур Нуралиевна юстиция министри болуп дайындалды.

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Сооранбай Жээнбеков кол койгон.

Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Уран Ахметов өзүнүн берген арызынын негизинде 3-апрелде кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, Айнур Абдылдаева өкмөттүн аппаратында 2001-жылдан бери иштейт. Мындан тышкары, президенттин аппаратында да эмгектенген. 2017-жылдын 13-июнунан тарта Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалаган.

БУЛАК:Каганат.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу