«АӉГЕКТЕН КАЧСАӉ ДӨӉГӨККӨ…» ЖЕ АБДИЛЬ СЕГИЗБАЕВ ӨКМӨТКӨ СЕКИРЕБИ?

Башкасын ким билет, айрыкча бизде имиш барып чындыкка айланып калышы толук мүмкүн. Үч күн мурун «Гезиттер» маалымат сайты баш болуп, учурдагы улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Абдиль Сегизбаевдин Өкмөт башчы Сапар Исаковдун ордуна келе турганын кабарлап, аз убакыт өпөй бул маалымат ЖКМлардан «жылан сыйпагандай» жок болду.

Кыязы, «төбөсү көрүнгөндөрдү» кылмыш ишин козгото берип, УКМКнын жетекчисинен чочулап калышкандай. Маалыматтын чыгып кеткенине караганда, «оюнум барып чын болду…» дегендей Абдиль Сегизбаевдин аталган орунга барып отуруп калышын четке какпай турууга болот.

      Анткени, аркы айдын ортосунан бери өтүп кетпей, өтпөй калбай ортодо турган КСДПнын курултайынан  кийин  көп жагдайлар өзгөрүп кетиши мүмкүн. «Техникалык Өкмөт» аталып, «тепкиден башы кутулбай» келе жаткан Сапар Исаковдун Өкмөтү четке кагылса, анын ордуна Абдиль Сегизбаевдин келип калышын «мыйзам ченемдүү» кабыл алууга болот.

«Атагы оӊду-солду чыккан» Абдиль Сегизбаев 1995-жылдан 2000-жылга чейин айтылуу Чынара Жакыпованын таалимин алып, «Сорос» фондусунда тажрыйба топтоп, Аскар

Акаевдин маалымат-катчысы болгону белгилүү. Андан бери кайсы бийлик болбосун, «ээрден шыпырылбай», шыпылдап эле алдыӊкы катарда келе жатат. А түгүл, Алмазбек Атамбаевдин «тилин таап», бир күнү иштеп көрбөгөн улуттук коопсуздук кызматын жетектеп, керек болсо генерал болуп алды.

Минтип, улуттук коопсуздук кызматын «чыпалагы менен ойноткон» Абдиль Сегизбаевге Өкмөттү башкарган эмне болуп калыптыр. Кыргыз саясатында «Сегизбаев секирик» деген түшүнүктүн орун алганына көп болуп калды. Эгер ал адатынча «секирик» жасап, Өкмөткө барып отуруп калса, калганын ким билет, карапайым калкка убал эле болсо керек. Анткени, Апрель окуясында окко учкан азаматтар Абдиль Сегизбаевге окшогон куукайлар  «кутуруп», кызматтан-кызматка секирсин деп курман болушкан эмес…

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу