Аңгилигинин айынан көчүккө бычак жеген Сыргак Абдылдаевдин Швециядагы сапары карыды

К. Бакиевдин тушунда аңгилинин айынан көчүгүнүн 29 жерине бычак жеп, аргасыздан Швециядан башпаанек тапкан журналист Сыргак Абдылдаевдин аталган өлкөдөгү мөөнөтү ушул жылы соңуна чыгат. Мунун алдын алган журналист сөрөй бийликке, президентке чап кенедей жармашып, ыгы келбесе да аларды сындап, ал эмес элди бөлүп-жарган, кыргызды түндүк-түштүккө бөлгөн билдирүүлөр менен чыга баштады. С.Абдылдаев акыркы 6 жылда экс-президент А. Атамбаевдин маалыматтык саясатында жашыруун иштеп келгенин журналист журчулугу жакшы билет. Атамбаевге каршы чыккан, анын саясатын сындаган инсандарга иттей үрүп келгенин да билебиз.

Демек, ага АША шыкак берип, чөнтөгүн бүгүнкү күнгө чейин кампайтып жатканы да белгилүү. Жакында эле дал ушул С.Абдылдаев Фейсбуктагы баракчасынан бийликти күч менен басып алууга чакырык таштап, укук коргоо органдарына өзүнө кылмыш ишин козгоону суранып кайрылды. Мындай чакырык таштагандар Кыргызстанда Кылмыш жаза кодексинин 295-беренсинин негизинде 25 жылга чейин соттолушун ал абдан жакшы билет. Өзү болсо “менин жазгандарымды Швеция өкмөтү окуйт” деп мактанган жайы бар.

Демек, ал мекенине кайтып келгиси келбей, өзүнө карата кылмыш ишин козготууну абдан каалап жатат. Эптеп “саясий куугунтукка кабылдым” деген шылтоо менен дагы бир топ жыл Кыргызстандан безип турууну туура көрүп жатыптыр. Ачыгын айтканда, Сыргак Абдылдаев бычак жегенге чейин белгилүү деле журналист эмес эле. Бийликти деле өкүртө сындачу эмес. Андыктан аны канкор К. Бакиевдин бийлиги куугунтукка алып, бычактаган деген сөз чындыкка коошо бербейт. Ишенимдүү булактар кабарлаганына караганда, Сыргак Абдылдаев кайсы бир генералдын аялы менен «көз ымдашып», тымызын убакытты болжошуп, жашыруун «жолугушуп» жүрчү дешет.

Эми ошентип «жүрсө» да, жөн эле жүрө берсе болмок. Бирок, Сыргак мырза өзүнүн мындай «донжуандык» кадамын көрүнгөн жерде мактанып айта берчү экен. Анан ал сөз генералга да жетет. Кайсыл эркек андай сөзгө чыдайт эле? Анын үстүнө ал генерал болсо. Анан ал генерал төрт-беш жигитти жалдап, С. Абдылдаевди өзүнүн жумушунан чыгып бараткан маалда карматып, алиги «геморрой чыга турган» жерге 21 жолу бычак урдурган экен. «Мен менин аялымды ушинтсең, мен сени бычак менен ушинтем» деген «аян» болсо керек. Ошентип С. Абдылдаев дарыгерлердин жардамы менен аман калган. Ал кезде «мага К. Бакиевдин режими куугунтук кылды» деп да айткан эмес.

Акырын гана Швецияга башпаанек таап качып кеткен. Эгерде ошондон кийин Апрель революциясы болуп кетпесе, анда С. Абдылдаев баатыр болуп чыга калбайт эле. Кыскасы азыр С.Абдылдаев кандай жол менен болсо да өзүнө карата иш козготуунун үстүнөн иштеп жатат. Жыл аяктарына 4 ай гана убакыт калды. Ага чейин бир шылтоо таап Швецияда калууну чечпесе “жыргал жашоодон” кур калып, Кыргызстанга кайтканга аргасыз болот. Муну Сыргак эч качан каалабайт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу