Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет

Ажырашкандан кийин жыныстык катнашта болгон эмесмин. Бул нормалдуубу? Ден соолугума зыяны тийбейби? Окурмандардын суроолоруна КММА медициналык борборунун дарыгери, сексолог, психотерпевт Илья Комаровер жооп берет.

Психологиялык жана физиологиялык жактан алып караганда да, жыныстык катнашсыз жашоо зыян. Себеби адамдын организми жыныстык катнашка барып турууга негизделген.

Нормада жыныстык жактан жетилген аял жумасына 2-4 жолу жыныстык катнашта болушу керек. Болбосо, жүрүм-турумдарында өзгөрүүлөр пайда боло баштайт.

Ар нерсеге кыжырданат
Болбогон нерселерге ачууланат
Себепсиз ыйлайт
Кызаңдайт ж.б.
Мындан тышкары, көптөн бери жыныстык катнашка бара элек аялдарда физикалык алсыздык, тез эле чарчап калуу, айланасында болуп жаткан нерселерге кызыгуусунун төмөндүгү, уйкусуздук сыяктуу белгилер байкалат.

Секстин жоктугу ден соолугуна, сырткы көрүнүшүнө да таасир бербей койбойт. Мисалы:

ашыкча салмактуулук
карылыктын алгачкы белгилери (чач, тери, тырмак начарлай баштайт)
депрессия, стресс
жүрөк жана кан тамыр оорулары
гинекологиялык оорулар
төмөн иммунитет ж.б.
Ажырашкан айымдар мындай суроолор менен биздин борборго да көп кайрылат. Менин кеңешим, кумар алгыңар келсе, бирөө менен мамиле түзгүлө. Айланада жакшы адамдар көп. Өз алдынча мастурбация кылып жүрө берсеңер, нормалдуу үй-бүлө кура албайсыңар. Жыныстык катнашсыз жашоо мүмкүн эмес. Бул нерсеге туура мамиле кылышыбыз керек.

БУЛАК: bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу