Аял кишинин үй-бүлөдөгү негизги милдеттери…

«Үйлөнүү оңой, үй-бүлө болуу кыйын» деп угуп келебиз. Бирок бул сөздүн маанисине терең үңүлүп карап көрсөк, акылман элибиз сөз менен гана тарбиялап, жол көрсөтүп келгенин билсек болот. Себеби оңой менен кыйын, оор менен жеңил, ак менен карадан турган өмүрдө үй-бүлөнү бекем, коломтонун отун өчүрбөй кармоо – үйлөнгөн эки жаштын колунда. Эркек менен аялдын тең эмес экенин, үй-бүлөдөгү аял менен эркектин өз милдеттери бар экенин эске салат. Жаратылышынан назик келген аялзатынын үй-бүлөдөгу милдети тууралуу кеп козгосок сөз бүтпөйт, бирок негизги 10 милдетин атап өтсөк:

1. Күйөөсүн сыпайы түрдө чакыруу. Жубайыңызды өз аты менен атабай, эркелетип же болбосо өзүнө жаккан ат менен атаганыңыз оң.

2. Жарынын алдында сулуу болуу. Жумуштан чарчап келген күйөөңүзгө энергия көзү боло билиңиз. Ал эми сиздин жүрүш-турушуңуздан бөлөк, сырткы сулуу бейнеңизге түздөн-түз байланыштуу. Сиздин чарчаңкы жүзүңүз күйөөңүздүн маанайга таасир бериши мүмкүн.

3. Көркөм мүнөз – көңүлдүн күзгүсү. Үй-бүлөдөгү аялдын каш-кабагы үй ичинин оорусун айткызбай эле көрсөтүп бере алат. Ошол себептен сиздин жакшы мүнөзүңүз үй-бүлөдө маанилүү ролго ээ экенин бир мүнөт да эстен чыгарбаңыз. Жөн гана күйөөңүздү жумуштан күлүп тосуп алуңуз менен жылуу сөзүңүз буга мисал боло алат.

4. Үй-бүлөнүн мыйзамына багынуу. Ар бир үйдүн өз талап-тартиби, өздүк бир өзгөчөлүктөрү менен эрежелери болот. Ошол чек арадан ашпасаңыз болду.

5. Турмуш курганга чейинки абалды айта бербеңиз. Кыз бала турмушка чыкпай туруп, «үй-бүлө», «ата-эне», «бала» сөзүнө терең үңүлүп, үй-бүлө курууга ичтен даяр болуусу кажет. Күйөөсүнүн үй-бүлөсүн жылуу кабыл алып, биринчи орунда ата-энесинин көңүлүн таап, ыраазычылыгын алуу кажет.

6. Тапкан табышын милдеттендирбөө. Бүгүнкү күндө үй-бүлө менен жумушту катар алып жүргөн кыз-келиндердин саны көп. Ошол себептен экөөнүн сиз үчүн маанилүүсү кайсы экенин ажырата билиңиз. Башкысы үй-бүлө болсо, жумушту жардамчы катары караштыра билиңиз.

7. Күйөөсүнүн досторун урматоо. Аял киши күйөөсүнө деген урматын көптөгөн арекети аркылуу көрсөтө алат. Анын бири – жубайыңыздын досторун сыйлап, үйгө келген конокко жакшы кароо.

8. Үнөмдөө. Сүйүктүңүз кыйналып, ай бою жумуш иштеп тапкан акчасын үнөмдөй билиңиз. Айлык менен күн көргөндөр бир айлык каражатты эсептөө менен гана жеткирүүгө болоорун унутпаңыз.

9. Күйөөңүз – падышаңыз. Эч качан сүйүктүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз. Эсиңизде болсун, эркек адамга алдындагы кичипейилдик аялдарга жарашат. Эгерде салыштыруу керек болсо, биринчи өзүңүздү өзгөлөр менен салыштырып көрүңүз. Жөн гана үй тазалыгынан баштап, таттуу тамак бышыруу жана башка ушул сыяктуу көзгө көрүнбөгөн салыштыруулар сизди өз ордуңузга коет.

10. Аял киши бала менен бактылуу. Урпак улантуу, артынан туяк калтыруу үй-бүлөнүн башкы милдети. Ал эми аны акылдуу, тарбиялуу кылып чоңойтуу ата-эненин милдети. Үй-булөдө аял кишинин жоопкерчилиги көп.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу