Аял жана арак

Каным: “Эмнеге ичем, өзүм да түшүнбөйм”

 Мен бала күнүмдөн эч кандай оорчулук, жокчулук дегенди көрбөй чоң  ойдум. Совет доорунда атам бригадир, апам кассир болуп иштешер эле. Жети баласын эч нерседен кор кылбай багышты. Ошентип мектепти бүтүп студент да болдум. Фрунзеге келип көп жаң  ы нерселерге күбө болдум. 3-курска келгенде биринчи жолу вино ичип көрдүм. Анча-мынча отуруштарда ичип атып арак да таттым. Айылга келип каникулда жүргөндө башка айылдык жигит ала качып кетти. Апалардын сөзүнөн чыга албай олтуруп калдым. Ошентип биздин жашоо башталды. Өтө бардар жерге туш болдум. 90-жылдары эл катуу кыйналып жатканда биздин үйгө ал кыйынчылык сезилген эмес. Кудайдын буйругу менен эки перзенттүү болдук. Колунда бар жер болгондуктан эшиктен киши үзүлбөй күнүгө конок тособуз, абысын-ажындар келет, ошентип шылтоодон шыноо болуп арак ичкенди өнөр кылып алдык. Жаштыкта ушинтиш керек деп, аны биз жаштыкка байлап аттык. Бара-бара эч ким жок болсо да дүкөндөн сатып алып жашырынып ичип жүрдүм. Мунумду байкап калган күйөөм сабады, кетирип да жиберди. Анда өчөшүп ого бетер көчөдө калып калганча ичтим. Муну менен кутулбасын түшүнгөндө шаарга алпарып дарылатты, ошондо бир аз токтоп калгандай болгом. Ал арада жолдошум айыл өкмөтү болуп шайланып калды. Аны куттуктап келгендер менен татып атып кайра баягы адатыма түшүп алдым. Ушундан кийин апам мажбурлап намаз окутту. Бирок бул да жардам бербеди. Үч ай эптеп чыдап, намаз окуп бүтүп ичип алып аттым. Канча жолу өзүмө сөз бердим, бирок токтото албай жатам. Эмнеге ичем, өзүм да түшүнбөйм. Кызым он төрткө чыгып калды. Ал: “Уялам сенден, сен арак ичсең   өлөм”, — деп коркутат. Анда да болбой ичип атам учурда. Айымдарга айтарым арак ичпегиле колуң  ардан келсе, колуң  арга кармабагыла. Мендей болуп арактын кулу болуп каласың  ар.

Аялдардын аракка болгон көз карандылыгынын себептери

Аялдардын аракка берилүүсүнө негизинен анын психологиялык абалы себеп болот. Анткени аялдар эркектерге караганда эмоционалдуу болушат да, турмушунда кездешкен кыйынчылыктарды оор кабыл алышып, депрессияга түшүп кетишет. Аялдын аракка берилүүсүнүн эң   көп кездешкен себептери төмөнкүлөр:

1. Ар кандай себептер менен депрессияга кабылышы.

2. Өзүн жалгыз сезиши. Күйөөсү таштап кеткенде же каза болуп калганда ичимдик менен өзүн соороткон аялдар көп. Кайгыга, ызага муунуп турган мындай учурда моралдык колдоо жок болсо, аял өзүн эч кимге керексиз сезип күчүн спирт ичимдигинен чыгарат.

3. Зеригүү. Баары жетиштүү, бирок эмне менен алек болорун билбеген айрым аялдар да ичимдик менен дос болуп алышат.

4. Тукум куучулук. Эгерде эне кош бойлуу кезинде спирт ичимдигин көп колдонсо, төрөлө турган баланын келечекте спирт ичимдигине жакын болору анык. Анткени балага ичимдиктин даамы түйүлдүк кезинен тааныш болот да, чоң  ойгондо ага тез берилип кетет.

5. Күйөөсүнүн ичкич болушу. Ичкич күйөөгө баш кошкон көпчүлүк аялдар күйөөсүнө аз ичирүү максатында арактын көбүн өзү ичип атып кантип ичкиликке берилип кеткенин байкабай калышат.

6. Айрым аялдар оор өткөн климакс учурунда аракка берилип кетишет.

Аялдын алкашка айлануусунун стадиялары

I стадия. Аялдын алкоголдук ичимдиктерге тартылуусу күчөй баштайт. Ал өзүн көзөмөлдөп жатам деп ойлойт, бирок андай болбойт. Бул убакта спирт ичимдиктерине болгон көз карандылык калыптана баштайт. Мээ акырындан спиртке көнө баштайт.

II стадия. Аялдын оюна эрктен тышкары арак ичүү жөнүндөгү ойлор келе берет. Атүгүл жумуш учурунда, бирөөлөр менен сүйлөшүп жатканда арак ичүү тууралуу кыялданып, ал кыялынын ишке ашуучу мүнөтүн чыдамсыздык менен күтөт. Дозасы барган сайын көбөйсө да көң  үл айлануу, кусуу сыяктуу реакциялар жок болуп кетет. Ал эми көз карандылыктан кутулуу татаалдашат.

III стадия. Алкоголго 100 пайыз көз каранды болуп калат. Нерв системасында өзгөрүү болуп, психикасынын бузулушу байкалат. Бул стадияда ичимдиктен кутулууга дээрлик мүмкүн болбой калат, айрыкча үй шартында.

Ичкиликти ийгиликтүү жең  гендер

Белгилүү теле алып баруучу Лариса Гузеева нашакор биринчи күйөөсү менен жашап жатканда алкоголдук көз карандылыкка дуушар болуп, бирок аны жең  ип чыккан.

Дагы бир алып баруучу Лера Кудрявцева да күйөөсү менен ажырашкандан кийин ичкиликке тез берилип кеткен. Өз каалоосу менен адистерге кайрылып жардам сураган. Учурда бир тамчы да алкогол оозанбайт.

Дүйнөлүк ырчы Бритни Спирс да ажырашууну оор кабыл алып алкоголь гана эмес, наркотикалык заттарды колдонууга чейин барган. Акыркы мезгилде толук калыбына келип, карьерасына кайтып келди.

Актриса, фотомодель, ырчы айым Пэрис Хилтон жылдыз оорусуна кабылып, аракка берилип кеткен. Коомчулуктан жашырынып жүрүп эми эсине келип, имиджин кайра калыбына келтирүү үчүн жан далбастап жаткан чагы.

Алкоголго азгырылган жылдыздар

Брежневдин кызы Галина Брежнева тарыхта алкаш аял катары да таанымал болуп калды. Акыл эстен танганча ичип жатып, жиндиканада көз жумган.

Орусиялык актриса Татьяна Догилева жашоосундагы терең   депрессиядан улам арактын туткунуна түшкөн. Муну менен ал өз талантына балта чапкан.

Аял эркекке салыштырмалуу ичимдикке бат алдырат. Эмне үчүн?

Спирт ичимдиктеринин курамындагы этанол майга чогулат, мындан улам спирттин өлчөмү органдарда жана ткандарда жогорулайт. Белгилүү болгондой, аялдардын организминде май көп болот

Организминде суунун көлөмү аз болсо, адам бат эле мас болот. Эркектерге салыштырмалуу аялдардын организминде суу аз болот.

Аялдарда этанолду ажыратуучу ферменттердин дең  гээли аз болот. Эгерде аял менен эркек бирдей өлчөмдөгү спирт ичимдигин ичсе да, аялдын канында көп өлчөмдөгү спирт болот.

Аялдардын айызы келип жаткан учурда жана климакс учурунда гормондор спирттин сиң  ишине таасир этет.

Адамдын канчалык салмагы аз болсо, ал тез мас болуп, аракка тез берилет.

Аял менен арактын байланышы тууралуу фактылар

Эркектердин ичимдикке берилүүсүнө 6-12 ай убакыт кетсе, аялдарга 6 ай гана убакыт жетиштүү.

200-300 мл сыра же 80-90 мл шарапты жумасына беш күн ичсе, алкаш болууга күн сайын жакындашат.

Мас болгондо айымдарын эрогендүү зоналары өтө активдүү иштейт.

Ызаат Тургунбаева

Булак: lady.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу