Аялым башка динде экен, айтканды укпайт

Бул суроомду Чубак Ажыга жеткизе албай жүрөм, араӊыздарда ыймандуу, илимдүүлөр бар деп ойлойм.

22 жаштамын уйлөнгөнмүн, жаштык кылдымбы же суйууго козум кор болдубу, азыр бир аз өкүнөм. Аялым айтканды кылбайт үйлөнгөнүбүзгө 5 ай болду . Аялым Казань шаарында чонойгон. Молдо биздин никебизди кыйып жатканда, аялым «бисмиллаахир рахмаанир рахим» дегенди айталбай ,араӊ айтты. Күндөр өтө берди. Гусул ал десем албайт, лак койбо десем, айтканды кылбайт. Гусулдун шарттарын уйрөттүм. Бирок,баары бир кылбайт.

Аялыма суроо бердим: сен Аллахка ишенесинби?- деп. Ал:

— Аллахка ишенбейм «но бог единственный это знаю»- деп. Дагы суроо бердим куран китепти окугансынбы?- деп . Ал:- жок библияны окугам деп. Кудайындын аты Ким десем ИЕГОВА дейт. Алар христианиндерди да бизди да адашкандар деп билеткен. Айтат силер 5 жолу намаз окушунар керек, христианиндер крестке ишенет- дейт.

Тоба, силер кантип сыйынасынар десем, айтат каалаган убакта дуа кылып сурайбыз дейт. Алардын китебинде рай менен тозок жок экен. «не существует»- дейт

Биринчи жолукканда сурагам сен Казанда чонойупсун, мусулманкасынбы десем, бул жакта чонойсо эле башка динде болуп калабы? албетте мусулманмын деген болчу. Ата энеси жакындан бери эле намаз окуйт экен.

Үйлөнгөнүбүзгө 5 ай болду аялымды жакшы көрөм.Ал дагы мени жакшы көрөт. Бирок айтканды кылбайт, намаз окушту уйрөтөйүн, окуйлу десем көнүл да бурбайт, анда дароо уруш чыгат. «Бог не существует, мы атеисти»- дейт.

Аялымды таштап кете албайм. Боюнда дагы бар. Менин балдарым түшүнүксүз болуп чонойушун каалабайм. Жол көрсөтө тургандар бардыр араӊыздарда. Рахмат.

Булак: «Айымдар кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу