Аялымдын муздак мамилесинен улам жаш келин таап алдым…

«Психолог менен баарлашуу» рубрикасынын бул жолку чыгарылышында көңүлдөшүнө арзып калган бүлөлүү эркектин жашоосу баяндалат.

— Үй-бүлөлүү, эки баланын атасымын. Жашым 40ка чукулдап калды. Жакшынакай аялым, мончоктой болгон кыздарым бар.

Эки кыздуу болгондон кийин келинчегим экөөбүздүн мамилебиз мурункудай болбой, муздай баштады. Өзүн өтө жакшы көргөн аял. Экөөбүз тең эле жакшы жумуштарда иштейбиз, жашообуз кудайга шүгүр болчу, ага карабай мага болгон талабы күндөн-күнгө көбөйө баштады. Сырткы келбети сулуу болгону менен төшөктө муздак болчу. Акыркы күндөрү болбогон эле нерселер үчүн көп уруша баштадык.

Көңүлүм чөгүп жүргөн кезде өзүмдү алаксытыш үчүн аялдарга бара баштадым… Жиним, ызам менен. Тааныштарым аркылуу бир келин таап алгам. Башында ага жөн гана эркектик моокумумду кандырыш үчүн анда-санда эле барчумун. «Үй-бүлөм бар, болгону экөөбүз анда-санда эле жолугуп туралы» деген сунуш менен кошулгам. Ал да аныма макул болгон. Бара-бара ал башынан өткөн окуяларын айтып берип, мага жылуу мамиле жасап, айтор өзүнө тартып алды. Минтип ала жипти аттап жүргөнүмө жарым жыл болуп калды. Бирок аялыма эч нерсе билгизген жокмун, өзү деле мендеги өзгөрүүнү байкаган жок.

Кылыгы чыгып, көздөрүн жайнаткан кыздарымды кантип бир келинге кыйып кетем. Аялымчы… бул кылыгымды укса, ал кыздарды алып басып кетет, жөн ажырашпай сот менен ажырашат. Анын кыялын жакшы билем. Бирок үй-бүлө бузулса, кайра калыбына келбейт да. Кыздарымды атасыз, бөлөк өстүргүм келбейт.

Келинчегим мага суз мамиле жасай баштаганда «мунун башка бирөөсү жокпу» деп да байкап көргөм. Бирок кыялы эле болбосо, мага окшоп жаман жолго баспайт, аны да аяп кетем.

Көңүлдөш келинди да кыя албай кыйналдым. «Болду, барбайм» деп өзүмө жакшы эле сөз берем. Бирок ага кантип кетип калганымды түшүнбөй калам. Башымды айлантып алгыдай шуулдаган, өтө сулуу деле неме эмес. Жөнөкөй, назик жан.

Кыздарымдын, аялымдын көзүн карай албай кыйналам. Кайнатамдар менен менин ата-энем жакшы катышкан кудалардан. Бул кылыгымды укса эмне дешет? Менден андайды эч ким күтпөсө керек. Бирок башкага арзып калдым…

Кырдаалдан кантип чыгам?

Булак: «Спутник»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу