Аялзатына жылдыз белгисине жараша белек тартуулаңыз

Кой жылдызы алдында төрөлгөн айымдарда аялзатына тишелүү болгон бардык жакшы сапаттар бар. Алардан “Сага эмне белек кылайын?” деп суроонун кажети жок.

Кой

Кой жылдызы алдында төрөлгөн айымдарда аялзатына тишелүү болгон бардык жакшы сапаттар бар. Алардан “Сага эмне белек кылайын?” деп суроонун кажети жок. Спортко жакын келишет, мындан улам велосипед, топ же теннис ракеткасын тартууласаңыз жарашат. Ошондой эле турмуш-тиричилик буюмдарын тапшырсаңыз кубанышат. Алар үчүн кандай белек болбосун, ал жогорку сапатта болушу шарт.

 

Букачар

Букачарлар – сырткы келбети менен ички дүйнөсү төп келген адамдар. үй оокатына абдан тың жана тамактарды даамдуу жасашат. Эгерде букачарга таттууларды белек кылсаңыз, сизге абдан ыраазы болот жана кооз жасалгасы менен чын жүрөктөн тартууланган белекти өмүр бою унутушпайт.

 

Эгиздер

Эгиздер жылдызына туура келген айымдар абдан коммуникабелдүү. Ар дайым байланышты үзбөй, тааныштарынан кабар алышат. Бирок аларга жаккан белекти тандоо оңойго турбайт. Эгиздердин табити бир күндө жети жолу өзгөрүшү мүмкүн. Алар сюрприздерди абдан жакшы көрүшөт, ошондуктан акыл-ойго сыйбаган, таң калтырган белекти ойлоп табууну сунуштайбыз.

 

Бөйөн

Башкалардан үйүндө көп убакытты өткөрүүнү каалагандыгы менен айырмаланат. өзүнө жаккан буюмдарын кылдаттык менен колдонушат жана бирөөгө беришпейт. Бардык нерсенин эң жакшысы Бөйөн айымдардыкы болушу керек. Андыктан белек берүүдө саркеч сапатына жана маркасына көз чаптырыңыз. Демек, түркүн белек аларга туура келе берет, эң башкысы, сапаты жогору болсун!

 

Арстан

Баарыбызга белгилүү болгондой, арстан – жаратылышта эң күчтүү жаныбарлардын бири. Ошондуктан белек да алардын деңгээлинде болушу керек. Алар кабыл алган белегин ийне-жибине изилдеп, андан соң кабыл алышат. Майрамдык маанай жаратыңыз, алгач жылуу сөздөр, анан вальс жана даамдуу тамактануу. Айым Арстанга акча белек кыла көрбөңүз, алар абдан капа болушу ыктымал.

 

Бийкеч

Аталган жылдыз белгисиндеги айымдар сарамжалдуу болушат. Так илимдерге кызыккандыктан, киреше менен чыгашаны жакшы билишет. Андыктан белек берүүдө капчыгыңызга жараша иш кылсаңыз, сизди жакшы түшүнөт. Бул түргө кирген аял-заты тазалыкты сүйөт. Мисалы, натуралдык азык-түлүктөрдү, пахтадан тигилген кийим-кечени же адал стандарттын негизинде жасалган продукцияны. Ошондуктан үйгө керектүү болгон буюмдарды белекке берүүнү сунуштайбыз. Бардык нерсенин ыңгайлуулугуна маани беришет. Эгерде кийим берем деп турсаңыз, анда анын фасонунан жаңылышпаңыз. Кандайдыр бир техника тартууласаңыз, аны колдонууну үйрөтүңүз. Эң башкысы, чын жүрөктөн, каалоо-тилектердин коштоосу менен тапшырылсын.

 

Тараза

Башкаларга салыштырмалуу мүнөзү оор адамдар. Аялга болобу, эркеккеби, Таразаларга белек тандоо абдан кыйын. Алар жашоодо саркеч кийинген, бардык жаңылыктардан кабардар болгон натуралар. Жасалма же арзан буюмдарды белекке берем деп оюңузга албаңыз. Бардык буюмдары бири-бирине төп келиши шарт. Демек, комплектиси менен сатып берүүгө даяр болуңуз. Канчалык аракеттенсеңиз, ошончолук натыйжасы жакшы болот.

 

Чаян

Чаяндарды таарынтып алсаңыз, сизге көрсөтпөшү мүмкүн, бирок керектүү учурда эсиңизге салып коёт. Айымдар үчүн жакын адамдарынын мамилеси, ой-пикири маанилүү болот. Бирок белек берүүдө турган баасына эмес, анын кызыктуу болуусуна көңүл буруңуз. Анткени канчалык кымбат болбосун, баары бир жакпай калышы мүмкүн. Баарынан жакшысы, Чаян айымды ээрчитип алып, чогуу белек тандаңыз.

 

Жаачы

Жашоодо бийик максаттарды коюп алып, багындырууга аракеттенишет. Айымдар өзүнө ишенген мырзалар менен баарлашканды жактырышат. Ошондуктан белегиңиз “мен билем, бул сага сөзсүз жагат” деген сөздүн коштоосунда тартуулансын. Кандай гана белек болбосун, «сага төп келди, абдан жарашты, сонун болду» деп мактоону унутпаңыз. Мындан тышкары Жаачы белектин кандай учурда берилгенине да көңүл бурат. Коомчулуктун арасында сүйүүңүздү билдирсеңиз, жакшы жооп күтсөңүз болот.

 

Текечер

Текечер айымдар эртеңкини ойлобой, бүгүнкү күн менен жашашат. Колундагысын туура пайдалануу жөнүндө баш оорутпайт. План менен кадам таштоо – аларга тиешелүү сапат эмес. Бирок сүйүүнү барктап, ага толугу менен берилет. Кандай гана белек бербеңиз, ал пайдалуу жана керектүү болсун. өз колуңуз менен даярдаган белегиңизди жылуу кабыл алат деп ишенсеңиз болот. Текечер айымдар көпкө чейин сактала турган буюмдарды жактырышат. Мисалы, гүлдестенин ордуна бөлмө өсүмдүгүн белекке берсеңиз.

 

Суупери

Табиятынан чынчыл жана адилеттүү болушат. Сезимтал, ар бир адамдын көңүлүн оорутпоого аракет жасашат. Мындан улам белегиңиз жакпаса да, жакты деп коюшу мүмкүн. Белек тандоодо алардын талантына, кызыгууларына көңүл буруңуз. Сууперилер романтик болушат, аларга кооз сувенирлерди, документалдык фильмдердин жыйындысын, дүйнөлүк жазуучулардын чыгармаларын тартууласаңыз да сүйүнүшөт.

 

Балыктар

Ачылбаган сандыкта, бычылбаган кундуз бар” деген макал Балык айымдарга тиешелүү. Белек тандоодо шамдагай болуп, көп баарлашсаңыз, жакыныңызга эмне жагарын оңой эле билип аласыз. Алар белектин өзүнөн да, сиздин сезимдериңиздин чындыгына, аруулугуна кызыгашат. Балыктарга кийим-кечек тартуулаңыз, алар өз табитине жараша тандап алууну жактырышат.

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу