Аялды башкаруунун эки жолу бар…

“Аялдар жалаң эле сулуу жигиттер менен баатырларды сүйөт” деп ойлойсуңар го ээ? Андай эмес. Аялдар ким жакшы кам көрсө, ошону жакшы көрүшөт.  Анна Ахматова

Ачууң келген ар бир мүнөттө 60 секунддук кубанычыңды жоготосуң. Эмерсон Ральф Уолдо

Жашоо велосипед тепкендей эле нерсе. Тең салмактуулукту сакташ үчүн тынымсыз кыймылдаш керек болот. Альберт Эйнштейн

Бул дүйнөдө баары убактылуу. Эгер баары жакшы болуп баратса, анын жыргалын көр, себеби, бул көпкө созулбайт. Эгер жаман болсо, көңүлүңдү чөгөрбө, бул да түбөлүктүү эмес. Ф.М. Достоевский

Эгер кимдир бирөөнү сүйгүңөр келсе, адегенде кечиргенди үйрөнгүлө. А.Вампилов

Үйлөнүүнүн кубанычы бир айлык, азабы бүт өмүрлүк. Араб макалдары

Аялды башкаруунун эки жолу бар, бирок аны эч ким билбейт. Кин Хаббард

Апаңдын колунан тамак жесең үч күн ачка болбойсуң. Бирөө “үйлөнсөмбү же үйлөнбөй эле койсомбу?”- деп сураганда Сократ минтип жооп берген экен: “Каалаганыңды кыл, баари бир өкүнөсүң”.

Кубаныч-каткыруу эмес, жылмаюу.Вольтер

Башкалар бактылуу болмоюн жалгыз адам бактылуу боло албайт. Н.Г.Чернышевский

Турмуштан кубаныч таба бил- бактыга жетүүнүн эң мыкты жолу ушул. Кытай макалы

Жашоо бул узакка созулган, аябай узакка созулган үшкүрүк. Жан Поль

БУЛАК: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу