АЯЛДЫН ДЕНЕ ФОРМАСЫН КАРАП ЭМНЕ АЙТСА БОЛОТ

Өзүбүз элестетип алган идеалга карап келбетибизге баа беребиз. Кайсыл жерибизде
арыкташыбыз керек, кайсыл жерде түздөш керек, кайсыл жерде толушубуз керек жакшы
билебиз. Дене түзүлүш биз жөнүндө көп нерсе айтып бере алат, эмне каалап
жатканыбызды, эмнеден жапа чегип, эмнеден коркоорубузду.

Дене — жашоо мүнөзүбүздүн гана көрсөткүчү эмес. Канадалык психолог Лиз Бурбо
денебиз биздин психикалык залалыбыз жөнүндө айтып берээрин аныктап чыккан. Өзүбүз
жана жакындарыбыз жөнүндө келбетин жакшылап карап билип алсак болот.

Негизи дене түзүлүшүнүн 5 түрү жана 5 аныктама

 

                                    Өтө арык, «териси менен сөөгү»

 

                                                                                   

Шалпайган ийини менен морт жан

                                                                                                        Борсойгон

Жакшы бышкан алманы элестеткен толук аялдар кемсинтилген залалы бар.
Кичинесинен аларды элдин көзүнчө көп уяткарган. Чоңойгон сайын өтө
уялчаак болуп чоңоюшат. Тааныштарынын баарын энелек мээрим менен
канатынын астына салып алгысы келет. Өзгөнүн көйгөйүн өзүнө алышат. Өз
кызыкчылыктарын башканыкынан артка коюп, өзүн эркелетүү эгоизм —
адепсиздик деп билишет.

 

 Алмурут

Жогору жагы жеңил: кичинекей төшү, арык ийиндери жана толук ылдый жагы:
жоон саны, курсагы, жамбашы менен сезимтал айымдар бар. Булар берилген
айымдар. Негизги көйгөйү башка адамдан күткөнү акталбайт. Башка
адамдарга ишене алышпайт, баары эле саткын сезилет. Берилген ишенимдүү                                                                                                                  болгулары келет, бирок боло албайт. Башка адамдарды жакшы башкарат.
Бирок, эч кимге ишене бербегендиктен ашыкча текшере берип баарын
тажатат.

                                                                               Идеал

Келишкен дене мүчөсү бар айымдар теңсиздик менен азап чегишет. Негизги
көйгөйү теңсиздик болуп саналат. Баардык жактан перфекционизмге
умтулушат, башкалар кыр таппагандай баарын так жасашат. Муздак жана
текебер «Кар ханышасы» көрүнгөнгө, кемчилигин көрсөтпөгөнгө аракет
кылышат. Эгер бирөө таарынта турган болсо жемин жедирбейт. 

П.С. Көбүндө бир канча залал бар экенин дене түзүлүшү айтып турат. Кайсыл
түрү көбүрөөк болсо, ошол эмоционалдык залал үстөмдүк кылат. Өзүңдүн
баардык артыкчылыгың менен кемчилигиңди кабыл алганда гана баарын
жеңесиң!

Булак:anan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу