АЯЛДАР СЫРДЫ КАНЧА УБАКЫТ САКТАЙ АЛЫШАТ

Жүрөктө терең сакталуучу сырыңызды аял менен бөлүшсөңүз, эч кимге айтпайм деп сөз
берет. Бирок, акыркы изилдөөгө караганда, көп деле ишене бербеңиз. Берген сөзүнө
жарым сааттан ашык тура албашы мүмкүн.

Ушакташканга болгон каалоосун 32 мүнөттөн ашык чыдабаарын
изилдөөчүлөр аныктап чыккан. Бул ким (күйөсү, энеси, дос кызы) менен
бөлүшө турган сыр экендигинен да көз каранды. 3000 аялга өткөргөн
изилдөөдө ар бир онунчу аял, кандай гана жашыруун жана жеке сыр
болбосун, жашыра албастыгын билдирген. 85 пайыз аялдар ушакташуудан
канааттанаарын айтып чыгышкан.

Көпчүлүк аялдар ишенимден чыгып калуу коркунучунда турат. Изилдөөгө
катышкан аялдардын жарымынан көбү ушак менен бөлүшкүсү келип араң
чыдаган. 13 пайызы атайын ушакты таратып баштаган.

32 мүнөт бул өтө аз убакыт. Заманбап технодогияларды колдонуу менен
бирөөнүн жашыруун сыры аз убакыт ичинде көп адамга тарап кетиши
мүмкүн. Бирөөнүн сырын бөлүшкөнүбүз үчүн баарыбыз күнөөлүбүз. Жөн эле
баарлашуу менен ушакташкандын айырмасын билишибиз керек. Эгерде
бөлүшкөн сыр капа кыла турган болсо, балким, унчукпай эле калабыз.

Булак:anan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу